Президент Садыр Жапаровдун 2021-жылда аткарган иштери

Президент Садыр Жапаров 25-декабрь күнү Министрлер кабинетинин жыйналышында 2020-жылдын 5-октябрынан тартып аткарылган иштер жөнүндө отчет берди.

«Бүгүнкү жыйынды – мен жалпы кыргызстандыктардын алдында аткаруу бийлигинин отчётун берүү деп эсептеймин», – деди президент Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Урматтуу жыйындын катышуучулары!

  • 11-апрелде референдум болду.  Бүткүл элдик добуш менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы кабыл алынды. Ага ылайык аткаруу бийлигинин ишин жетектөө милдети толугу менен мага жүктөлгөн. Президенттин ыйгарым укуктарына ылайык Министрлер кабинетинин жыйынына катышып, отчёт алууга жана элге кайрылууларды жасоого укуктуумун. Бүгүнкү жыйынды – мен жалпы кыргызстандыктардын алдында аткаруу бийлигинин отчётун берүү деп эсептеймин. Учурдан пайдаланып мекендештериме кайрылуу жасап кетким келет
  • Урматтуу менин мекендештерим! Урматтуу катышуучулар! Жыл бүттү. Менин да бир жылдык отчётум, кылган иштеримдин жыйынтыгы туурасында элге айтууга кезек келди.
  • Бүгүн Жаңы жыл алдында, шайлоо бүтүп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алтынчы чакырылышы өз ишин аягына чыгып, жетинчи чакырылыш өз ишин баштаардын алдында, ошондой эле элдин жүгүн көтөргөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана жалпы элдин алдында – расмий түрдө 2020-жылдын 5-октябрынан тартып азыркы күнгө чейинки аткарылган иштерибиз туурасында билдирип кетсем дейм.
  • Өткөн жылы өлкөдөгү коомдук саясий абалдын маанисин терең түшүнүп, кырдаалды турукташтыруу үчүн бардык иш-аракеттерди мыйзам менен чечип, укуктук талаага кайтарууга кадам жасадык. 
  • Укуктук талаада көпчүлүк депутаттар Кыргыз Республикасынын Премьер-министрлик кызматына мени сунуштады, Өкмөт башчынын ыйгарым укуктарын аткаруу милдети мага жүктөлдү. Бир жагынан мамлекетибиздеги түзүлгөн саясий кырдаалды, экинчи жагынан пандемиянын шартында кемиген экономикабыздын абалын, бюджетибиздин тартыштыгын, социалдык милдеттерди жүрөгүм менен кабылдап турдум. Аны мен 2 ай аткардым. 
  • “Бардыгы мыйзамдуу, мыйзам талаасында чечилсин” деген ниетте Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына – шайлоо аркылуу аттандым. Бүт милдетти тапшырып бердим. Тең шайлоо өтсүн деген принципти бекем кармандым. Мен да ар бир аймакты түрө кыдырып, эл менен түздөн-түз жолугуштум, ар бир шайлоочумду угууга аракет жасадым. Уктум.
  • 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо жана референдум өттү. Референдумда Кыргызстан эли башкаруунун президенттик формасын тандап алды. 11-апрелде референдумда Кыргызстандын эли өлкөнүн негизги мыйзамынын жаңы редакциясын – Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдоого алды. Бардык иштер эң жогорку укуктук-ченемдик акт менен бекемделди.

Урматтуу замандаштар!

Менден эл эмнелерди талап кылды?

1. Экономиканы калыбына келтирип, бюджетти кескин көтөрүү тапшырмасын берди;

2. Элибиздин басымдуу бөлүгү кедей, ортодон ылдый деңгээлде жашайт. Айрыкча жакырларга жакындан жардам берилсин деди;

3. Жакындарын жоготуп ичи ачышып турган эл пандемиянын толкуну менен катуу күрөшүңүз деди;

4. Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын кыскартыңыз деди. 

5. Кумтөр элге өтсүн деди. 

Эл аралык аренада Кыргызстандын аброюн көтөрүп, тең ата сүйлөшүүгө чыксак деди. Жана башка бир топ тапшырмалар болду.

Биз эмнелерди аткардык?

1. Экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү, бюджетти толтуруу – биринчи милдет болду.

• Өткөн жылдын октябры – жылдын аягы болуп калгандыктан, 2020-жылы тезинен бюджетти толтуруу, социалдык милдеттерди аткаруу керек болду. Ошондуктан 29-октябрда эч коркпостон – экономикалык амнистия жарыяладым. 

• Андан кийин мамлекеттин эсебинен байыгандар менен катуу күрөш жүрдү. 

2020-жылдын октябрынан бүгүнкү күнгө чейин ачылган коррупциялык схемалар боюнча мамлекеттин кирешесине 8 млрд сомго жакын каражат жана мүлк түрүндө кайтарылды; 

  • жогорку кызматтагы аткаминерлер, сот жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү камакка алынды, жоопкерчиликке тартылды. 
  • Коррупцияга каршы күрөш улантылат жана абдан күчөтүлөт. 
  • Коррупция бул – чоң социалдык коркунуч. 
  • Мамлекеттин укуругу узун!
  • Эгер карапайым калктын бир тыйындан чогулган казнасынан жедиби – он эселеп кайтарат. 
  • Экономиканы калыбына келтирүү үчүн айрыкча 2005 жана 2010-жылдагы элдик толкундоолордон кийинки рейдерлик баскынчылыкты болтурбоо үчүн башынан – менчикти коргоо, бизнести колдоо, ички жана тышкы инвестицияны сактоо – менин негизги ишим болду.

Президенттик кызматка киришерим менен менчикти коргоо, ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо боюнча бир жылдын ичинде 1 эмес 4 жолу Жарлык чыгардым. 

Натыйжада: 

Биринчи – Ченемдик укуктук жактан жасалган колдоолорду айтсак:

– камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери 2022-2024-жылга чейин 3 жылдык мөөнөткө жумуш берүүчүгө 17,5 пайыздан жумушчунун санына жараша 4 пайызга чейин кыскарды;

– жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомго чейин болгон ишкерлер салык төлөөдөн бошотулду;

– ишкердик субъекттерин укук коргоо органдарына текшерүүгө тыюу салуу узартылды ж.б. дагы бир топ иштер жасалды.

Экинчи – бизнести финансылык колдоолор боюнча айтсак:

Буга чейин мен келгенче экономиканы өнүктүрө турган бир да механизм жок экен. Мамлекеттик банктардын уставдык капиталы жетишсиз болуп келген. Өздөрүндө жок болсо, анан алар кантип элге жеңилдетилген насыяларды бере алмак эле. эч кандай мүмкүнчүлүктөрү жок экен. Азыр 3 банкыбыз бар:

  • РСК, Айыл жана Керемет банктары.

Быйыл ушул банктардын уставдык капиталы көбөйтүлдү:

– РСК Банк – 5,4 млрд сомго чейин,

– Айыл банк – 5,5 млрд сомго чейин

– Керемет банк – 8,7 млрд сомго чейин көбөйтүлдү. 

Биз 100 млн долларга чейин жеткиребиз деген оюбуз бар, тарыхыбызда мындай эч качан болгон эмес. Кудай буюрса келерки жылдары жеткиребиз. Демек, өздөрү пайда таап, аны айлантууга толук мүмкүнчүлүк алышат.

Быйыл элге 20 млрд сомдон ашык насыя берилди, анын 72%ы аймактарга кетти. Мында ар бир тыйындын кимге берилгендиги боюнча контроль күчөтүлөт.

Акчалары көбөйгөн мамлекеттик банктар – эми кредит берүү саясатын өзгөртөт деп ойлойбуз. Аны менен бирге кредиттин максаттуулугуна контроль күчөйт. Башкача айтканда насыя алып той-топпурга жумшап койбош керек. Дыйкан алдыбы жер айдашы керек.  Демек, элдин бизнес пландары “каякка сатылат”ошондон баштап түзүлүп, өзгөрө баштайт.

Кепилдик фонд боюнча айтсак, былтыр октябрдан кийин тез арада 2 млрд сомго кошумча капиталдаштырылып, пандемиядан жабыр тарткан ишкерлерди колдоого 10 пайыздык чени менен насыялар берилди. Быйыл 2,5 млрд сом суммасында Кепилдик фонд кошумча капиталдаштырылды. Азыр анын уставдык капиталы 6,6 млрд сомду түздү.

Бул эмне берет? 

Бул банктар талап кылган залог – күрөөгө коюу деген “балээден” – элди кутулттук. Күрөөсүз эле 3 млн сомго чейин насыяларды алууга мүмкүн болду.

Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду тарабынан 1-июлдан баштап түздөн-түз каржылоо программасы боюнча жаңы насыялар бериле баштады. Бул каржылоо былтыр 5-октябрынан тартып токтотулган. Быйыл июлдан башталды.

Мунун баары ишкерлерди колдоочу механизмдер. Бирок бул да чек эмес. Ишкерлерге берилип жаткан жогорудагы жеңилдиктер алардын көмүскө экономикадан чыгуусуна сөзсүз түрткү болот деп ишенебиз.

Тышкы инвестиция жаатында Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстанга иш сапарлардын алкагында бизнес өкүлдөрүнүн катышуусу менен эки тараптуу экономикалык форумдар болуп өттү. 

Натыйжада

Быйыл дүйнөдө чет өлкөлүк тике инвестициялардын агымы 35%га кыскарганына карабастан, башка өлкөлөрдө кыскарып кетти да 35 %га чейин, 2021-жылдын 9 айында бизде тышкы инвестиция 26,4% га көбөйүп, 503 млн долларды түздү, сом менен алганда 43 млрд сом тышкы инвестиция келди. 

Инвестициялык өнүктүрүү фонддору түзүлдү жана түзүлүп жатат:

– Венгер-кыргыз өнүктүрүү фонду уставдык капиталы 16 млн долл менен түзүлдү, аны 50 млн долл.га чейин жеткиребиз деп макулдашылды. 

– Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы 50 млн долл менен түзүлүп, буюрса, 200 млн долл.га чейин көбөйтүлөт. Сүйлөшүлдү, кол алышылды.

– Кыргыз-түркмөн өнүктүрүү фондун уставдык капиталын 100 млн долл менен түзүү маселеси иштелип чыгууда.

– Түрк мамлекеттер уюмунун инвестициялык фондун түзүү жөнүндө маселе иштелип чыгууда: 

уставдык капиталы 443 млн долл болот деп сүйлөшүп жатабыз.

– Кыргыз-азербайжан жана Кыргыз-Түрк өнүктүрүү фонддорун түзүү боюнча маселелер иштелип чыгууда.

Бирок бул да чек эмес, көмүскө экономикадагылардын бардыгы ачыкка чыгарылат. Ишкерлерге берилип жаткан жогорудагы жеңилдиктер алардын көмүскө экономикадан чыгуусуна түрткү болот деп ишенебиз.

Мына ушундай ишкердик жана инвестициялык чөйрөнү колдоонун жыйынтыгында экономикалык активдүүлүк калыбына келе баштады. 

ИДПнын номиналдык көлөмү 3 жыл катары менен 600 млрд сомго жетпей келген, биз аны быйыл 720 млрд сомго чейин чыгарабыз деп жатабыз.

Башкысы – экспортко чыгара баштадык, бюджет көбөйтүүнүн эффективдүү жолдорун таптык. Экспорт иш жүрүп баштады дегенди билдирет. Анын башкы себеби бизнести колдоо, коргоо боюнча мамлекет тараптан жүргүзүлүп жаткан жогорудагы чаралар түрткү болгондугун белгилеп кетким келет.

Бул сандар менен эмнени айтайын деп жатам

Былтыр ички дүң продукциянын өсүшү минус 8,6 пайызга төмөндөгөн. Же акыркы 14 жыл ичиндеги өтө төмөн көрсөткүч болгон. 1994-жылдан бери биринчи жолу ушундай кескин төмөндөгөн көрсөткүч болду. 

Айтарым

Ошол эле мезгилде, ушундай эле пандемиянын камалган шарттарында коңшу мамлекеттерде өсүш сакталган.

Бюджет боюнча айтсак: 

5 жылдын ичинде эң көп чогулганы 148 млрд сом болгон. Быйыл республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 11 айда 162 млрд сомду түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 41%га же 47 млрд сомго өстү. 2019-жылдын 11 айына салыштырмалуу 36 млрд сомго көбөйдү.

Биз быйыл бюджеттик көрсөткүчтөрдө  пандемия жок мезгилдеги көрсөткүчтөрдөн да бир топ жакшы жетишкендиктерине чыга алдык. 

Биз жаңы салык ойлоп тапкан жокпуз. Биз башкарууну өзгөртүп, фискалдаштырууну күчөтүп – коррупцияны кыскартып кошумча акча каражат таптык. 

Ушул Министрлер Кабинетин дайындап жатканда консолидацияланган бюджетти 280 млрд сомго жеткирүү боюнча элге убада кылганбыз. 

Бул тапшырманы биз аткардык. 

2021-жылды 306 млрд сом менен жыйынтыктайбыз, 

же 26 млрд сомго көп болушу күтүлүп жатканын айтып коюшубуз керек.

2022-жылы консолидацияланган бюджеттин көрсөткүчтөрүн 400 млрд сомго чейин жеткизүүгө толук фундамент түзүлдү деп ойлойбуз. 

Коопсуздук кеңешинде айткан Акылбек Усөнбековичтин иштөөсүндөгү 

3 принципти мен толук колдойм. 

1-принцип: элдин биримдиги;

2-принцип: мамлекеттин бүтүндүгү;

3-принцип: салык төлөбөгон эң оор кылмышка айланат деген принциби.

Салык – мамлекеттик казынанын өзөгүн түзүүчү негизги булак. 

Салык кайра эле өзүбүзгө – жарандардын өз жыргалчылыгына, бакубаттуулугуна жумшалат. Ушуну унутпашыбыз керек.

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Элдин мага койгон экинчи талабы – айрыкча жакыр жашагандарга жакындан жардам берилсин деген талап болду.

Экономикада кандай гана макроэкономикалык өсүштөрдү айтпайлы, чындыгында, элибиздин басымдуу бөлүгү ортодон ылдый деңгээлде жашарын эч кимден жашыра албайбыз. 

Карапайым элдин басымдуу бөлүгүн колдоо – менин жүрөгүмдөгү иш болду! 

Эл бизден эмнени сурайт? 

Негизгилерине гана токтолсом дейм:

1) пенсия, жөлөкпул, айлыктарды көтөрүү;

2) турак жай менен камсыздоо;

3) документи жок үйлөрдү документтештирүү, жерлерин трансформациялоо.

Бул багытта кыска аралыктын ичинде биз эмнелерди аткардык жана мурдагылардан эмнеси менен айырмаланды – ошолорго токтолоюн.

Биринчиден – калктын аярлуу катмарын даректүү колдоого басым жасалды. 

Экинчиден – элдин көбүрөөк катмарына таасирин тийгизүүчү, 

көзгө көрүнөрлүк колдоо көрсөтүүгө аракет жасадык.

Үчүнчүдөн – жакырлыктан чыгаруунун жолун табуу – 

приоритетке чыгарылды. 

Элди колдоо боюнча кандай иштерди кылдык? 

Четинен атап кетсем:

• Аз камсыз болгон жарандарга социалдык колдоо көрсөтүү максатында 2022-жылдын 1-январынан тартып 16 жашка чейинки балдары бар, 

“үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөкпул алган муктаж үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясынын тарифин 77 тыйындан 50 тыйынга түшүрдүк. Калган айырмасын биз, өкмөт төлөп берели деп атабыз.

Бул демилге 112 миң үй-бүлөнү камтыйт. 

Бул абдан чоң колдоо.

• Өткөн жылы мен Нарын тарапка барганда 1000 кВт саатык лимит боюнча убадамды бергем. 

Аны толук аткардым. 

Бийик тоолуу жерлерден бул лимитти таптакыр алып салдык. 

• Балдар үйү, карылар үйүндөгүлөрдүн тамактануусун жакшыртуу боюнча чечимди ошол үйлөргө барып, жеринде дароо кабыл алдым 

Тамагына бөлүнгөн каражат 110 сомдон 220 сомго көтөрүлдү.

• Пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жөнүндө Жарлыкка кол койдум. 

Азыр орточо пенсия 6 248 сомду түзөт. Кудай буюрса, келерки жылы муну дагы көтөрүп беребиз.

711 миңден ашык пенсионердин жашоосун жакшыртуу боюнча Акылбек Усөнбековичтин конкреттүү сунуштары бар, буюрса, анын баарын ишке ашырабыз.

• Социалдык даректүү колдоо күчөтүлдү, 1-октябрдан 50 пайызга жогорулатылды. 

Буга чейин колдоруна 4000 сомдон алышса, эми 8000 миң сомдон алышты. 

1-январдан тартып дагы көтөрүлөт: 

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар: 

1-топтогулар – 4000 сомдон 8000 сомго чейин көбөйдү.

2-топтогулардыкы – 3300дөн 6600сомго жогорулады.

3-топтогулар – 2700дөн 5400 сомдогу жогорулатылган жөлөкпулдарды алышат. 

Тоголок жетим балдар – мурда 2000 сомдон алса, азыр 6000 сомдон алышат, же 3 эсеге көбөйтүлдү. 

Буюрса, 1-февралда 98 296 адам жакшы пособиелерди колдоруна алат.

Биз көбүрөөк карапайым элге жардам берели деп жатабыз. 

Биздин максат – өлкөдө жакшы жашаган адамдардын санын көбөйтүү. 

Жакыр жашаган адамдардын саны жылдан жылга азайып, орто жашаган адамдардын катары көбөйүшү керек!

Эми айлык акыларды көтөрүү боюнча айтсам.

Биринчиден, Саламаттык сактоо, маданият системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы категориясына жараша 50 пайызга чейин жогорулатылды.

Экинчиден, өткөн жылдагы Баткен окуяларынан кийин мамлекеттин коргоо жөндөмдүүлүгүн күчтөндүрүү зарылдыгы ачыкталды. 

Кыргызстандын 30 жылдык тарыхында биринчи жолу өзүбүздүн каражатыбызга ок отпос машиналар, вертолет, пилотсуз учактарды ж.б. аскер техникаларын сатып алдык. 

Булар менен бирге бир катар күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин айлыктарын жогорулаттык. 

Мисалы, улук офицерлер мурда 25 миң сомдун тегерегинде айлык алса, эми алар 37-40 миңдин тегерегинде алып калышты:

Буюрса, бюджетти жакшы көтөрүп алсак, апрель айынан баштап дагы башка тармактарды, мугалимдерден баштап баарынын айлыктары дагы көтөрүлөт. 

Элди колдоо боюнча дагы бир ишке токтолгум келет.

• Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу татаал экономикалык абалда калган зайымчыларды колдоо максатында 2020-жылдын аягында кредиттер боюнча пайыздарды төлөө үчүн бюджеттен 734 млн сом бөлүнгөн. 

Жыйынтыгында өткөн жылдын аягында 390 миңден ашык карыз алуучулар жардам алышкан. 

Биз муну менен эле токтоп калбайбыз. 

• 2022-жылдын 1-январынан баштап сугат жер, кайрак жер, жайыт жана чөп чабыш жерлерге салык төлөнбөй турган болду. 

Насыялар февраль айынан баштап дыйкан-фермерлерге 6% менен бериле баштайт. 

Ал эми мунун натыйжасы канча адамга тиерин өзүңүздөр билесиздер, элибиздин 65%ы элет жеринде, дыйканчылык, мал багуу менен жашоосун өткөрөт. 

Максат – шарт түзүп берип, мамлекетти тамак-аш коопсуздугу менен камсыз кылуу.

Элди турак жай менен камсыздоо жаатында айтсам.

• Ипотеканын проценти 4кө  түштү. 

Тагыраак айткада, ипотекалык насыялоо боюнча пайыздык чен бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери үчүн 4% га чейин төмөндөтүлдү. 

Бул рынокто эң төмөнкү пайыздык чен болуп саналат. 

2020-жылдын 1-октябрынан бүгүнкү күнгө чейин 959 ипотекалык кредит берилди. 

Келе жаткан жылы дагы бюджеттен 5 жарым млрд сом бөлүп беребиз.

5 млн сомго чейин ипотекалык насыя алууга мүмкүн болду.

Документи жок үйлөрдү документтештирүү, жерди трансформациялоо жаатында жылдап чечилбей келе жаткан элдин көйгөйүн чечип бере баштадык.

• Чүй жана Ош облустарындагы айыл-чарба жерлерге 10 миңден ашык үй курулуп, көп жылдардан бери жерлерди трансформациялоо маселеси чечилбей жаткан. 

Саясий эрк көрсөтүлүп, тиешелүү мыйзамдар кабыл алынып, үй-жайсыз калуу алдында турган 10 миңдеген жарандарыбыздын маселеси чечилүүдө.

• Бишкек шаарынын ТЭЦ-2 аймагына өзүм бардым. 

Бир эмес ишти контролго алуу үчүн эки жолу бардым. 

Ошол аймакта жашагандардын үй документтерин чечүү үчүн 47,7 га жер тилкесин трансформациялап бердик. 

Жарандар кызыл китептерин, үйлөрүнүн техникалык китепчелерин алып жатышат. 

Азыр 798 үйдүн 119у даяр болду, 69у документтерин колуна алды, 500-550 участокто изилдөө иштери жүрдү, 5 мобилдүү топ иштеп жатат. 

Буюрса, 1-апрелге чейин Кыргызстан боюнча 25 миң гектар жердин трансформациялоо иштери аягына чыгарылат. 

Элдин баары жашап жаткан үйлөрүнө мыйзамдуу ээ болушат. Документтерин алышат.

Бирок жерди басып алганды ушуну менен токтотолу. 

Мындан ары жакшынакай айдоо жерлерди айдоо аянты боюнча сактап калалы. 

Мен жалпы элди ушуга чакырам. 

Буюрса, бюджетибиз жакшы болуп турса, социалдык турак жай маселесин да чечебиз. 

Эскертерим: 

жыл сайын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо дүйнөдө тартыштыкты жаратууда. 

Бул максатта мындан ары айдоо жерлери өз багытында гана пайдаланылат. 

Ким басып алып, мыйзамсыз үйлөрдү салса, катуу жоопкерчиликке тартыларын эскертем. 

Жогорудагы жардамдардын баары кимге берилди – албетте, карапайым калкка берилди. Менин тилегим – Кыргызстандыктар өз жеринде кор болбой, жакшы жашаса дейм.

Урматтуу кесиптештер!

Өткөн жылы жакындарын жоготуп ичи ачышып турган элдин мага койгон үчүнчү талабы – коронавирус менен катуу күрөшүү болду.

Медицина тармагы таптакыр даяр эмес экендигин көрсөттү. 

Жада калса, аспиринди, масканы да өзүбүздөн чыгара албайт экенбиз. 

Барын импорттойт экенбиз. Импортубуз көп. 

2020-жылдын башында пандемия башталганда коронавирус менен күрөшүүгө керектелүүчү жабдууларды, дары-дармектерди алууга, ооруканаларды салууга – сарпталуучу каражаттар акыр аягына чейин берилбей жатты. 

Оору күч алды. 

Анын айынан: 

Дарыларды таппай калдык, баалары асманга учту, ооруканаларга киши батпай калды. Акыры барып “каргашалуу июль” болду! 

Былтыр COVID менен күрөшүүгө эл аралык донорлордон 3 багытта келген 350 млн долл жардам көрсөтүлгөн, Центеррадан 74 млн долл алышкан. 

Тилекке каршы, ал каражаттардын дайыны жок, максаттуу колдонулган эмес. 

Бир да жаңы оорукана курулган жок. 

Баарын бюджетти колдоого колдонуп салышкан.

Быйыл да коронавирус менен күрөшүү уланды. 

Бул вирус улам бир штаммдары менен коркутуп жатты. 

Бирок биз күрөштүк.

Ал түгүл ФОМСка 2019-жана 2020-жылдары 700 млн сомго жакын карыз экен. 

Ушул төлөнбөй келе жаткан кредитордук карыздардын баарын быйыл 2021-жылы жаптык.

Муну менен бирге бир да тышкы булактардан жардам албай коронавирус менен күрөшүүгө өзүбүздүн бюджеттен 3,8 млрд сом бөлдүк. 

85 миң медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөргө 1,3 млрд сом бердик.

Вакциналарды сатып алууга 1 млрд 775млн сом каражат жумшадык. 

Жалпысынан гуманитардык жардамдарды кошкондо 5 млн 916 миң доза вакцина келди, эмдөө башталды. 

Пандемиянын үчүнчү толкунун элибиз – сезбей да калды. 

Биз элибизди аман алып калдык. 

Элдин төртүнчү талабы – Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын кыскартуу, кадр саясатын өзгөртүү, мамлекеттин вертикалдуу башкаруу структурасын жакшыртуу деген талап болду. 

Менин эң биринчи катуу карманган позициям – кандай гана шайлоо болбосун, шайлоону таза өткөрүү болду. 

Анткени биз тарыхта чон бурулуш жасашыбыз керек эле. 

Өткөн жылдын 4-октябрындагы  парламенттик шайлоодогу каталардын бирөөнү да кетирбегенге аракет жасадык. 

Биринчиден – баарын өзүмдөн баштадым. 

Бүт милдетти тапшырып берип, Президенттик шайлоого аттандым. 

Тең шайлоо өтсүн деген принципти бекем кармандым. 

Ар бир аймакты кыдырып чыктым, элди уктум.

Шайлоодон “форма 2” дегенди таптакыр жок кылдык. 

Алгач  быйылкы жылдын башында – январь айында эле Президенттик шайлоону таза өткөрдүк. 

Аны башка шайлоолордо да уланттык.

Дегеле, баарыбыздын эсибизде 2021-жыл шайлоолордун жылы катары калды. 

Президенттик шайлоо, 3 жолу жергиликтүү кеңештердин шайлоосу, 2 жолу референдум, анан барып акыркысы Парламенттик шайлоо өттү. 

Ысыгы таркай элек парламенттик шайлоо туурасында айтсам.

2021-жылдын 11-апрелинде референдумда Кыргызстандын эли өлкөнүн негизги мыйзамынын жаңы редакциясын – Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдоого алды. 

Мен аны 5-майда Жарлык менен бекиттим.

Ага ылайык аралаш шайлоо системасы боюнча ченемдер бекитилди. 

Жаңы Конституциянын 66-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны 90го кыскартылды. 

90 депутаттын 54ү партиялык тизме, ал эми калган 36 депутат бир мандаттуу округдан шайлана турган норманы киргиздик.

Жаңы Конституциянын долбоорун талкуулоо – элдин алдында, эксперт, коомдук уюмдардын өкүлдөрү ж.б. 300дөн ашык адамдын катышуусунда 3 айга созулду. 

Муну тарых үчүн справка катары айтып коюу керек. 

Шайлоону таза өткөрүү – жаңы Кыргызстанды – жаңы маданиятты куруудагы негизги кадамыбыз болду.

Ошентип, Парламенттик шайлоо жаңы тартип, жаңы эрежелер, жаңы Конституция менен 28-ноябрда өткөрүлдү. 

Бул шайлоо да таза өттү.

Чырдагандар ар бир участоктун бюллетенин кайрадан санап чыкты. 

Эч качан мындай болгон эмес. 

Шайлоо бүткөн эле түнү бюллетендер күм-жам болчу эле го. 

Азыр да барып санасаңыздар болот. 

Бул шайлоо менен Кыргызстан Орто Азиядагы эң бир демократиялык принциптердин бардыгын бекем карманган өлкө бойдон калдык жана калабыз. 

Анткени:

– шайлоо процессинде бир дагы администрациялык ресурстарды колдонгон жокпуз; 

– бюджеттен айлык алган адамдардын бирөөсү дагы шайлоонун шайтан оюндарына аралашкан жок;

– шайлоо процессинин катышуучуларына тең укукту, бирдей шарттарды түзүп бердик.

Мунун баары демократиянын таза принциптерин сактоого жасалган аракет. 

Аны бузууга эч кимдин акысы жок.

“Кыргызстан – Орто Азиядагы демократиялык аралчадан авторитардык мамлекетке айланып баратат” деген тараптардын кооптонуусунан эч коркпойбыз. 

Керек болсо жокко чыгарабыз. 

Демократиялык декларациялардын көбүргөн калың “көбүгүнүн” астында жашырылган толгон-токой бизге белгилүү жана белгисиз жактары биздин өлкөдө ар кандай күчтөр ар түрдүүчө пайдаланып жаткандыгын унутпашыбыз керек. 

Биринчи кезекте кийинки чакырылыштын депутаттары ыйык трибунанын баркын кетирбей, чыныгы функциясын аткарып, эл үчүн иштесе деген ниетим чоң. 

“Менин добушумду уурдап алды”, “шайлоо бурмаланды” деген сыяктуу ыплас оюндарды токтотоор кез келди. 

Алардын айрымдары жаштар. 

Жашоо шайлоо менен эле бүтүп калбайт. 

Жашсыңар, алдыда далай өмүрлөр турат демекчимин.

Биздин элдин – ачык айтуу, маселени кабыргасынан коюу сыяктуу маданияты эчак эле калыптанган. 

Аны биз демократия дейбизби, ачык коом дейбизби, айтор, бул рейтинг бир топ мамлекеттерге салыштырмалуу бизде алда канча алдыга өнүккөн. 

Ал эми коомдо дестабилизацияны алып келүү үчүн кайсы бир партия, же адамдар мамлекеттин тынчтыгы эмес, өз кызыкчылыгы үчүн бурмалап, элди козутуп келгендиги – коомчулуктун көңүлүн буруп, алаксытып келген фокустар. 

Мындай маанайды оппозиция деп деле айтууга болбойт. 

Тек гана жеке кызыкчылык.

Биз жаны Кыргызстанды курууга баратабыз. 

Эгерде мурдагыча жашайм, же иштейм, же боло берет дей турган болсо, биз алар менен иштеше албайбыз. 

Бул шайлоо бардыгына чоң сабак болду!

Шайлоо маданияты мындан ары бизде өсөт. 

Шайлоодо кимдер өтөрүн көрдүк. 

Бир сом акча коротпой Эрулан Кокулов өттү, бир мандаттуу округдан акчасы жок акын Мирлан Самыйкожо өттү. 

Булар – бир күн да мамлекеттик кызматта иштебеген балдар, жаштар. 

Шайлоонун шарттары мындан ары да өзгөрөт, күчөтүлөт. 

Үгүт иштериндеги каталыктарды  бардык катышуучулар түшүндү. 

Талапкер эмненин үстүнөн иштөө керектигин түшүндү. 

Азыр бирөөлөрдүн огородуна таш ыргытуу, же жамандоо, же ушактарды таркатуу эмес, өнүктүрүү программалары менен элди көбүрөөк тааныштыруу – жаңы  кадам болууда. 

Куру убадаларга эч ким ишенбейт. 

Эл бирөөнү каралоого муктаж эмес. 

Бирөөлөрдү жамандоо позициясынан эл анын деңгээлин гана көрүп жатат. 

Жамандаган сайын атаандаштырынын авторитетин көтөрүп, даңкын күчөтөт.  

Шайлоодо эл өзү иргеп, тандап алды. 

Эл мыктынын мыктысын тандады. 

Биз аны көрдүк.  

Шайлоого аттанган талапкерлер өздөрүнүн чыныгы салмагын көрдү. 

Азыр элибиз өзгөрдү. 

Биз да өзгөрүүнү каалайбыз.

Тарыхты өзүбүз жасайбыз.

Кыргызстан үчүн экономиканы сиз жана мен – баарыбыз түптөйбүз-түзөбүз. 

Менин кейигеним: 

ушунча жылдан бери шайлоодон шайлоого жулкунган партиялар же адамдар аларга добуш берген ошончо шайлоочусун иш менен камсыз кылып берсе болот эле. 

“Мамлекеттин талкаланган экономикасына, бузулган психологиясына саясатта жүргөн баарыбыздын күнөөбүз бар” деп өткөн жылдын 13-октябрында дал ушул трибунадан айтканмын. 

Мен ошондо “мындан ары кызмат талашуунун, депутаттык креслонун айынан мамлекетибиздин бүтүндүгүнө, бөлүнүп-жарылуусуна коркунуч жаратпайлы” деп баарыңыздарды чакырганмын. 

Айрымдардын өткөндөн сабак албагандыгы өкүнтөт.

Мамлекеттик башкаруу реформасы, кадр саясаты жаатындагы иштер тууурасында айтсам.

Аткаруу бийлигинин иши бир жерден башкарууга бириктирилди. 

Жаңы Конституциянын негизинде Министрлер Кабинети жана бир нече жаңы структуралар түзүлдү, айрымдары жоюлду. 

Аткаруу бийлигинин системасында иштеген мамлекеттик органдардын санын кыскартуу менен Министрлер Кабинетинин жаңы түзүмүн бекиттик. 

Мурда иштеп келген 27 административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын ичинен Министрлер Кабинетинин карамагында 5 гана административдик ведомство калды.

Бийликтин аткаруу бутагына – коомдун кызыкчылыгына кызмат өтөп, актуалдуу маселелерди ыкчам чечүүсүнө шарт түздүк.

Мындай реформалар министрликтердин жана ведомстволордун ролун жана жоопкерчилигин жогорулатты. 

Министрлер Кабинетинин жана тиешелүү мамлекеттик органдардын деңгээлинде кабыл алынуучу чечимдерди даярдоонун ыкчамдуулугу күчөтүлдү.

Ал эми конкреттүү кадр саясаты боюнча айтсам. 

29-январда эң биринчи 5 жарлыгымдын бирөөсү дал ушул кадр саясатына байланыштуу болду. 

Максатым – технологиялык жана санариптик дүйнөнүн заманбап чакырыктарына жана талаптарына жооп берүүгө жөндөмдүү жаңы кадрларды тартуу болду.

– Март-апрель айларында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын – акимдерди жана алардын орун басарларын аттестациялоо өткөрүлдү, ротациялоо жүрдү.

– Акимдердин жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына кадрлардын аймактык резерви түзүлдү. 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Мыйзамды кабыл алдык. 

Агаылайык:

Жергиликтүү деңгээлдеги социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө акимдердин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жоопкерчилиги жогорулатылды. 

Аким ишти уюштурууга, аны контролдоого бардыгына жооп берет; 

акимге мамлекеттик органдардын райондогу түзүмдөрүнүн жетекчилерин, райондук маанидеги шаар мэрлерин, айыл өкмөт башчыларын – кызматка дайындоо, кызматтан бошотуу укуктары берилди.  

Мурда мындай укук жок болчу.

Башкысы – ошол шаарда же ошол аймакта туулуп өскөн адам ал шаарга, айыл аймагына мэр же аким боло албайт. 

Акимдер ж.б. жетекчилер “переназначение”  – “кайра дайындоо болбойт” деген ченемди киргиздик.

Биз эмне үчүн өз жерине аким боло албайт дедик, биз ротациялоону улантабыз. Антпесе, бир жерде 14-15 жылдап иштеген ИИМден болобу, прокурор болобу бул убакытта туугандашып кетип, коррупцияга аралашкан учурлар бар.

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Элдин мага койгон башкы талаптарынын бири – “Кумтөр” элге өтсүн деди. 

Эл аралык аренада Кыргызстандын аброюн көтөрүп, тең ата сүйлөшүүгө чыксак деди.

Биз бул тапшырманы аткардык, катуу кириштик. 

Акылбек Усөнбекович, Динара Асиевна Кутманова, Камчыбек Кыдыршаевич, Курманкул Токторалиевич, Тениз Бөлтүрүк баштаган команда ар тараптуу күрөштү баштады. 

Кыргыз элинин “Кумтөр” боюнча бардык ой-тилегин, максатын сөзсүз ишке ашырабыз. 

Ал үчүн биринчи кезекте мыйзамдык жактан күчтөдүк. 

Президенттик ишке киришерим менен биринчи чыгарылган 5 жарлыгымдын ичинде дал ушул “Кыргыз Республикасынын тоо кен тармагын реформалоо маселелери жөнүндө” жарлыгымды чыгардым. 

Анын алкагында, түздөн-түз улуттук кызыкчылыктарды көздөгөн, бир топ Мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргиздик, 

мисалы:

– ири кендерди өзүбүз иштетебиз деген максатта “Улуу көчмөндөр мурасы” аттуу холдингди түздүк, мамлекеттин үлүшү – 100%;

– буга чейин рекультивацияга каралган каражаттар ар кандай 17 банкта жаткан. 

Кумтөрдөн тышкары башка кендерден рекультивацияга түшүп жаткан 340 млн сом  эми мындан ары мамлекеттик банктарда гана сакталат. 

Бул каражат кичи жана орто бизнестин экономиканы өнүктүрүүгө багытталган гана долбоорлоруна кайтарымдуулук негизде аз пайыз менен берилет.

– иштетпей лицензияларды жөн гана басып жаткан компаниялардын лицензиялары кайтарылат. Бүгүнкү күндө да кайтарып жатабыз бир топ лицензияларды.

Муну менен инвестиция тартуу үчүн бош объекттердин санын көбөйтө алабыз.

– геологиялык чалгындоо иштерин – биринчиден – оптималдаштыруу, экинчиден – мамлекет өзүбүз жүргүзүү максатында «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасын түздүк. 

Бул мыйзамдардын бардыгы тоо кен тармагын өнүктүрүү менен бирге “Кумтөр” кени боюнча Центерра менен эсептешүүгө да өбөлгө түзөт. 

Чет өлкөлүк компания тарабынан Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздуктун нормаларын одоно бузгандыгы үчүн, Кумтөр кенине 17-майдан тартып убактылуу тышкы башкаруу киргиздик. 

Лондондогу Баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы “Кыргызалтын” ишканасын ишенимдүү компаниялардын тизмесинен чыгарып салгандыгын билдирип, LBMA биздин алтынды биржага чыгаруудан баш тартты. 

Эми алтындарыбызды сата албай калабыз деп ызы-чуу салып жатышты эле мен эч кам санабаңыздар деп ошондо эле айткам. 

Алтынды сатып алам дегендер көп. 

Алтын эч качан жерде калбайт. 

Казып жатабыз, каза беребиз. 

Эч ким тоскоол боло албайт. 

Centerra өзү да Кумтөр кени мындан ары ага таандык эмес экенин моюндап жатат. 

Centerra Gold Inc. компаниясы өзүнүн баланстык наркынан 926 млн. долларды эсептен чыгарып, бизнес-операциянын токтогондугун, аны менен Кумтөр кенине көзөмөлдү жоготконун билдирүүгө аргасыз болду.

Кыргызстанды кул кылуучу келишимдер жана алардын бузулушу эл аралык коомчулуктун мамилесине көз каранды кылышы – бизди колу-бутубуздан байлап турган. 

Биз “Кумтөрдөн” күчөгөн вертикалдык коррупцияга каршы күрөштө 

эл аралык соттор менен соттошкондон коркпой калдык. 

Ал түгүл, эл аралык сотторду жеңе баштадык. 

Юстиция министри Аяз Баетов эл аралык бардык соттор менен англисче тең ата сүйлөшүп, коррупциялык инвестициялык келишим болгонун далилдеп, Мегакомду утуп алдык. 

Франциянын  соту коррупциялык жол менен келген инвестицияны эч качан колдобой турганын билдирди. 

Демек, бизде да кадрлар өстү, Кыргызстандын кызыкчылыгында иштей турган кадрлар өсүп жетилип даяр болду. 

Биз бир гана позицияны туруктуу кармайбыз: 

күрөштүн акыр аягына чейин барабыз. 

Эгер суйлошуу жолу менен чечише албасак “Центеррага” экологиялык дооматтарды коёбуз. 

Жыйынтык чыгарабыз!

Центерра менен күрөшүүдө биз эл аралык ири долбоорлорду сунуштадык.

Глазгодо климатты жакшыртуу, мөңгүлөрдү сактоо боюнча Дүйнөлүк лидерлердин саммитинде жасаган билдирүүм – “Кумтөр” кени мындан ары Кыргызстанга кызмат кылат дегенди билдирет. 

Биздин идеялар дүйнөлүк коомчулук тарабынан жакшы колдоого алынып жатат. 

Биздин демилгебиз менен 2022-жылды ООН «Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы» деп жарыялады. 

Биз бул мүмкүнчүлүктү толук пайдаланышыбыз керек.  

Быйыл ЮНЕСКОго “Тоо мөңгүлөрүн сактоо жөнүндө” резолюцияны демилгеледик. 

Биз тараптан киргизилип, ООНдун Башкы ассамблеясы тарабынан бекитилген “Табият чек араны тааныбайт” аталышындагы токтом жоболорун аткаруу үчүн эл аралык өнөктөштөр менен иштеп жатабыз. 

Бул боюнча үмүт артарлык жетишкендиктер бар.

Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча беш жылдык программаны бекитүүнү жана 2027-жылы «Бишкек+25» Глобалдык саммитин чакырууну да демилгелеп жатабыз. 

Алдыда бизди дүйнөлүк масштабдагы иштер күтүп жатат!

Тоо кен байлыктарыбыз менен бирге ошол тоолордон түшкөн мөлтүр таза сууларыбыз – биздин элдин башкы байлыгы. 

Ошондуктан  мен “Мөңгүлөрдүн коргоочусу – Айкөл Манастын калкы” деген идеяны дүйнөгө жайылткым келет.

Жараткан, жөн жерден сатылбас, таза кандуу, ак сөөк элди  – суунун башына койсо керек. 

Суунун башы болгон – баарынан артык.

Мен быйылкы жылдагы иштердин ичинен адам өмүрү менен коштолгон Баткен окуялары боюнча пикиримди айтпай коё албайм.

Чектеш өлкөлөр менен мамлекеттик чек аранын юридикалык тариздөөнүн аяктабагандыгы, айрым участкалар боюнча сүйлөшүү процессиндеги татаалдыктар, Кыргызстанга стратегиялык транспорттук инфраструктуранын коңшу өлкөлөрдүн аймактары аркылуу өтүшү – республиканын аймактык бүтүндүгүнө тикелей коркунуч болууда.

Быйыл биз кыргыз-тажик чек арасында болгон окуялардын кесепетинен жабыркаган Баткен облусун:

– 3 айдын ичинде калыбына келтирдик. 

– Баткенге биринчи жолу стратегиялык чек катары мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулду. 

– Облуска өзгөчө статус берилди. 

Өнүктүрүү программасы кабыл алынды. 

– 500 млн сомду жыл сайын бөлүп туруу чечимин кабыл алдык. 

Баткен боюнча көп иштерди аткардык.

Мен бир жаңылыкты сөзсүз айтып коюшум керек. 

Өткөн жылы Президенттик шайлоого аттанганда биринчи үгүт иштеримди Раззаковдун жери – Баткенден баштаганмын. 

Быйыл Раззаковдун 110 жылдыгынын урматына Исфана шаарын 

Раззаков шаары деп атоо боюнча чечимимди кабыл алдым. 

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Быйыл көп иштер болду, буюрса, дагы ири масштабдуу иштер болот. 

Өкмөт 2021-жылдын башынан тартып ушул күнгө чейин 3750 укуктук-ченемдик документ менен иштеди, 50 миңге жакын документ келип түштү. 

Анын ичинен 8492 документ контролго алынып, баары аткарылды. 

Буга чейин аткаруу мөөнөтү 3 айдан 1-2 жылдап аткарылбай жаткан документтер көп болчу. 

Азыр иштөө темп өтө ыкчамдады, макулдашуудан өткөрүү  жөнөкөйлөтүлдү.

Мен ишенем: бизде жакшы команда түзүлдү деп эсептейм. 

Биринен бири ашкан экономисттер, финансисттер башкарып жатасыздар. 

Иштөө үчүн бардык шарттарды түзүп, регламентти өзгөрттүк. 

“Кечиресиз, бул менин милдетиме кирбейт” деген сөздү жок кылдык. 

Бир да кагаз Президенттин Администрациясында жатат деген шылтоо жок калды. 

Сиздерди да демократия, меритократия, реформа дегенде тикеңиздерден тик туруп иштөөгө чакырам. 

Өзүңөрдөн акылдуураак орун басарларды “менин ордумду тартып алат” деп чочулабай дайындаңыздар. 

Чечим кабыл алуудан коркпоңуздар. 

Министрлер Кабинети, азыр жакшы динамика менен өнүгүүгө баратасыздар, ушул темптен жазбаңыздар. 

Кыргызстан бай болбосок да, бирок биз жаңы башталыштарда – биринчибиз, дайыма үлгү болуп келгенбиз, үлгү болуп кала беребиз.

– Жашыл экономика бизден башталышы керек.

– Демократия боюнча башка өлкөлөр бизден үлгү алышы керек.

– Санариптештирүүдө биз алдыда болушубуз керек.

Булардын баары кооз декларативдик мүнөздө эмес – 

жыйынтыкка умтулалы. 

Жыйынтык жалпы элдин жашоосун жакшыртууга алып келиши керек.

Ансыз да 30 жылдан бери канчалаган реформаларды жасадык, каражаттарды короттук. 

Өкүнүчтүүсү, ушул реформалардын туу чокусу – карапайым калкты эмес, саналуу үй-бүлөлөрдүн байышына иштеп келди. 

Биз ушундан алыс бололу!  

Аз иш кылсак да, элдин эсинде калсын, элге сезилерлик болсун. 

Мыйзамдар эмне үчүн жазылат, мыйзамдар эл үчүн жазылат, элге кызмат кылуу, жашоосун жайлуу кылуу максатында жазылат. 

Биз жазган, биз кабыл алган мыйзамдар эл үчүн гана иштеши керек.

Ушул залда аймактагы жетекчилеринен тышкары бүт ведомстволордун жетекчилери, министрлер – бардык чоңдор отурасыңар. 

Ким канча жолу аймактардагы элдин жашоосун көрүп келди? 

Ким караламан эл түшкөн автобуска, тыгылышкан маршруткага түштү?

Андайлар араңыздарда жокко эсе. Аз. Жерге түшүп басалы дейм. Ушуну менен кириш сөзүмдү аяктайм. Жогоруда мен айткан иштер, биз аткарган иштердин жарымынын жарымы эле де эсептейм”. 

Булак: president.kg

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.