Президент расмий иш сапары менен Тажикстанга барды

28-июнь күнү, президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Тажикстан Республикасынын борбору – Дүйшөмбү шаарына келди. Бул тууралуу президентинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысын Душанбе эл аралык аэропортунда Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды.

Аэропорттун флагштокторуна Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол ротасы тизилди.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы актуалдуу багыттарын, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы маселелерди талкуулашат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

  • Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;
  • Дастан Дюшекеев, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
  • Кыргыз Республикасынын Тажикстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жаныш Рустенбеков;
  • Транспорт жана коммуникация министри Гүлмира Абдралиева;
  • Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;
  • Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов;
  • Төраганын биринчи орун басары – УКМКнын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.