Президент расмий иш сапары менен Түркмөнстан жана Тажикстанга барат

Садыр Жапаров ушул жылдын 27-28-июнь күндөрү расмий иш сапары менен Түркмөнстанга барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү белгиленди.

Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, ошондой эле аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери тууралуу сүйлөшүшөт.

Андан ары, 28-29-июнда президент расмий иш сапары менен Тажикстанга барат.

Иш сапардын жүрүшүндө Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн болушу күтүлүүдө.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы актуалдуу багыттарын, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы маселелерди талкуулашат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.