Президент Орусиянын президентинин администрация башчысынын орун басарын кабыл алды

Садыр Жапаров Орусия Федерациясынын президентинин администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козакты кабыл алды. бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз-орусиялык эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечектүү багыттары, ошондой эле ушул жылдын 24-майында Сочи шаарында Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусунан кийин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча тараптар тарабынан көрүлүп жаткан иш-чараларды, анын ичинде өлкөгө Орусиянын вакциналарын жеткирүүнү талкуулашты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.