Президент Орхан Инандыны издөө боюнча УКМКга тапшырма берди

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлигине Орхан Инандыны издөө боюнча тергөө-оперативдик иштерди күчөтүүнү жана кошумча күчтөрдү тартууну тапшырды.

Мамлекет башчысы укук коргоо органдарына Кыргызстандын жаранынын жерин аныктоо боюнча тиешелүү издөө иш-чараларын жүргүзүүнү тапшырды.

Бүгүн, 1-июнда саат 04:20 чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын «102» кызматына Малдыбаев жана Саманчин көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунан «Lexus 470» үлгүсүндөгү унаа ачык абалда табылганы тууралуу чакыруу келип түшкөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.