Президент Ооганстан боюнча ЖККУнун сессиясына катышат

Садыр Жапаров бүгүн, 23-августта, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына видеоконференция форматында катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Ооганстандагы кырдаал жана анын ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна таасири, ошондой эле чек ара аралык чакырык жана коркунучтарга биргелешкен натыйжалуу реакция кылуу талкууланат.

Сессия Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгында өтөт.

Иш-чарага Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась катышаары күтүлөт.

Эске салсак, ЖККУга Орусия, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан кирет. Уюмдун саммити быйыл Тажикстанда өтөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.