Президент олимпиадачыларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Бүгүн, 23 -августта, президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Токиодо ХХХII жайкы Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрүнө жана катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи болду.

Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи “Ала-Арча” резиденциясында болуп өттү.

Мамлекет башчысы катышуучулардын алдында куттуктоо сөзүн айтып, күйөрмандык кылган бардык кыргызстандыктардын атынан дүйнө өлкөлөрүнүн арасында Кыргызстанды татыктуу таанытып, ийгиликтүү таймаш көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Садыр Жапаров  спорт тармагын өнүктүрүү, массалык жана кесипкөй спортту өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болорун белгиледи. Ошондой эле ал, олимпиадага катышкандарга жана спорт чөйрөсүнө салым кошокондорго мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Спортчулар белектер үчүн ыраазычылыгын билдиришти.

Айсулуу Тыныбекова сыйлыкты Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арнап жатканын айтты. Ошондой эле ал, келээрки олимпиада оюндарына катыша тургандыгын баса белгилеп, алтынга бүт күчүн жумшай турганын айтты.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков жана мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулуна ыраазычылык кат берилди.

Келдибеков Оор атлетика федерациясынын президенти, Турганбаев менен Асылбек уулу Күрөш федерациясынын вице-президенттери.

Президент Садыр Жапаров Токиодогу Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрүнө жана катышуучуларына акчалай сыйлыктарды жана автоунааларды тапшырды:

Айсулуу Тыныбекова – күмүш

– Экинчи даражадагы “Манас” ордени

– 10 миллион жана Toyota RAV 4 унаасы

Акжол Махмудов – күмүш

– Экинчи даражадагы “Манас” ордени

– 10 миллион жана Toyota RAV 4 унаасы

Нурбек Изабеков – күрөш боюнча Кыргызстандын кыздар курама командасынын башкы машыктыруучусу

– 8 миллион 150 миң сом

Меймарбек Ахметов – Акжол Махмудовдун машыктыруучусу

– 2,5 миллион сом

Мээрим Жуманазарова – коло

– Үчүнчү даражадагы “Манас” ордени

– 10 миллион жана Toyota RAV 4 унаасы

Азат Эркимбаев

– 3,3 миллион сом

-“Данк” медалы

Байгазы Кенжебаев

– 4 млн сом

Улукбек Карачолоков

– 2 750 миллион сом

Айпери Медет кызы

– 1 миллион сом

Бактыгүл Алишева – дарыгер

– 1,5 миллион сом

Бакдөөлөт Расулбеков

– 1 миллион сом

Жоламан Шаршенбеков

– 1 миллион сом

Өмүржан Молдодосов

– 500 миң сом

Денис Петрашов

-500 миң сом

Сатыбек Чокаев

– 500 миң сом

Дарья Маслова менен Кабыл Макешовго

– КРнын эмгек сиңирген спорт чебери наамдары ыйгарылды

Төмөнкүлөргө ардак грамоталар берилди:

Чынарбек Изабеков

– 1 миллион 700 сом

Түгөлбай Базакечев

– 1 миллион сом

Константин Еремич – дарыгер

– 1,5 миллион сом

Акпарали Жамалдин уулу – күрөш боюнча машыктыруучу

– 1 миллион сом

Камбар Токтоналиев – оор атлетика боюнча башкы машыктыруучу

– 300 миң сом

Атабеков Азисбеков

Эрназар Акматалиев

Үзүр Жусупбеков

Евгений Петрашов – сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу

Сүймөнкул Таабалды уулу – эркин күрөш боюнча улук машыктыруучу

Мелис Турганбаев – вице –президент

Акматбек Келдибеков – КРнын оор атлетика федерациясынын президенти

Ыраазычылык каттар:

Мирбек Алтынбек уулу,

Марат Аскарбеков,

Дамирбек Асылбек уулу – КРнын күрөш федерациясынын вице –президенти,

Алмаз Бекбоев

Талант Жекшенов

Ахрор Иминов

Динара Исаева – КРнын күрөш федерациясынын вице -президенти

Руслан Капаев

– 100 миң сом

Адинай Кемелова

Нурсултан Кеңешбеков – спортчу

Хаким Махмудов – күрөш боюнча машыктыруучу

Каныкей Кубанычбекова

Айбек Момонов

Виктор Суровцев – ок атуу боюнча машыктыруучу

Асейин Төрөгелдиев – күрөш боюнча федерациянын ардактуу вице -президенти

Мелис Турганбаев

Канат Бегалиев

Абдужалил Юнусов – дзюдо боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу

Канат Шабданбаев – Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору

Саламат Эргешов – КР УОКтун башкы катчысы

Бактияр Алиев – КТРК

Азамат Асанбеков – Акнет

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.