Президент мурдагы төрага, премьер-министрлер менен жолугушууда

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңешинтин мурдагы төрагалары жана өлкөнүн премьер-министрлери менен жолугушууда.  Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууга экс-төрагалар Медеткан Шеримкулов, Алманбет Матубраимов, Мукар Чолпонбаев, Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, Ишенбай Кадырбеков, Муратбек Мукашев, Марат Султанов, Адахан Мадумаров, Айтибай Тагаев, Зайнидин Курманов, Ахматбек Келдибеков жана Чыныбай Турсунбеков катышып жатат.

Ошондой эле экс-премьер-министрлер Турсунбек Чынгышев, Апас Жумагулов, Кубанычбек Жумалиев, Амангелды Муралиев, Феликс Кулов, Азим Исабеков, Игорь Чудинов, Жоомарт Оторбаев жана Темир Сариев катышууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген