Президент министрлерди берген антты дайым эстен чыгарбоону эскертти

Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-ноябрда  Жогорку Кеңеште жаңы дайындалган үч министрдин ант берүү аземине катышты.

Мамлекет башчысы үч жаңы министр тең иштин майын чыгара турган курактагы адистер экенин белгиледи.

“Сыноо алдыда, азыраак уктап, көбүрөөк иштегиле. Талыкпаган эмгек менен гана кадыр-барк келет. Берген антты дайым эстеп, эстен чыгарбагыла”, – деп Президент ант берген министрлерди мамлекетке, элге ак кызмат кылууга чакырды.

Сооронбай Жээнбеков депутаттарга жаңы министрлерди колдогону үчүн ыраазычылык билдирип, жаңыланган Өкмөттүн ишине ийгиликтерди каалады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген