Президент министрлер кабинетине табигый кырсыктарды алдын алуу боюнча иш-чараларды күчөтүүнү тапшырды

Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда, министрлер кабинетине өлкө аймактарында табигый кырсыктарды алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы ар кандай табигый кырсыктар – сел, жер көчкү, суу ташкыны ыктымалдыгы жогорулап жаткандыгына байланыштуу, ишке тартылган мамлекеттик органдар менен тиешелүү кызматтардын кызматкерлери жогорку даярдыкта иштөө режимине өтүшү керектигин белгиледи.

Өлкө жарандарынын ден соолугу менен өмүрүнүн жана алардын мүлктөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сел, жер көчкү жана башка процесстер жүрүшү мүмкүн болгон кооптуу аймактарга туруктуу мониторинг жүргүзүп, көзөмөл кылуу зарыл.

Ошону менен бирге министрлер кабинетине Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы селдин кесепеттерин жоюу иштерин активдештирүү тапшырылды.

Президент табигый кырсыктын кесепетинен каза болгондор менен жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Бардык жабыр тарткандарга мамлекет тарабынан тиешелүү колдоо көрсөтүлөрү белгиленди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.