Президент мектептерде белгиленген акча чогултуу демилгесине каршы чыкты

Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министрлигинин билим берүү мекемелериндеги окуучулардын ата-энелеринен белгиленген акча чогултуу демилгесине караманча каршы. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, башкармалыктын бул демилгеси коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарына каршы келет.

Анын үстүнө, мындай кошумча төлөм механизми билим берүү системасын жакшыртууга эч кандай реалдуу пайда алып келбейт. Тескерисинче, бул окуучулардын ата -энелеринин мойнуна оор жүк болот.

Мамлекет башчысы билим берүү мекемелериндеги мыйзамсыз төлөмдөр кабыл алынгыс экенин өз билдирүүлөрүндө бир нече жолу белгилеген.

Мектептерде ар кандай максатта жана ар кандай шылтоо менен акча талап кылууга катуу тыюу салынышы абзел. Мектеп өкүлдөрүнүн мындай аракеттеринин бардык учурлары токтоосуз билдирилиши керек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.