Президент мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров «Мамлекеттик аппараттын санын 30 пайызга кыскартуу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекеттик аткаруу бийлигинин жана башкаруу органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу, бири-бирин кайталаган жана керексиз функцияларды жоюу, ошондой эле КРнын конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алуу менен, мамлекеттик аппаратты кармоого каралган бюджеттик каражаттардын үнөмдөлүшүн камсыз кылуу максатында, чечим кабыл алынды:

Президентинин администрациясынын, министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, президентинин карамагындагы мамлекеттик органдардын штаттык саны 30 пайызга чейин кыскартылсын.

Сунушталсын:

— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын кызматкерлеринин санын 30 пайызга чейин кыскартуу боюнча ишти жүргүзүү;

— Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна жана Кыргыз Республикасынын Сот департаментине сот органдарынын түзүмүн оптималдаштырууну жүргүзүү жана алардын штаттык санын 30 пайызга чейин кыскартуу;

— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен күтүлгөн бюджеттик мекемелерде жана уюмдарда инвентаризациялоону жүргүзүү жана кызматкерлердин санын 30 пайызга чейин кыскартуу.

Министрлер Кабинети:

— кыскартылган кызматкерлерге мыйзамдарына ылайык бошонуу жөлөкпулун төлөп берүүнү камсыз кылсын;

— бошотулуучу кызматкерлерди ишкердик иштин негиздерине окутуу боюнча зарыл чараларды көрсүн;

— үнөмдөлгөн каражаттарды мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын көтөрүүгө жумшасын;

— ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, президентинин иш башкармасы ушул жарлыктын 3-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү ишти жүргүзсүн.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.