Президент Максат айылынын реконструкциялоо иштери менен таанышты

Садыр Жапаров бүгүн, 27-майда, Баткен облусуна болгон жумуш сапары алкагында Лейлек районунун Максат айылындагы кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяларда жабыркагандардан кабар алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, жеринде мамлекет башчысы талкаланган объектилер, анын ичинде өрттөлгөн мектеп менен таанышып, ошондой эле турак-жай имараттары жана билим берүү объектилеринин курулуш иштери менен, атап айтканда 100 орундуу эки кабаттуу жаңы бала бакчанын долбоору менен таанышты.

Президент ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алар менен болгон сүйлөшүүдө чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери жөнүндө кеңири айтып берди.

Анын айтымында, бул маселенин чечилиши региондун туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түздөн-түз байланыштуу.

Мамлекет башчы Баткен облусуна мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп келе жаткандыгын жана мындан ары дагы бурулаарын баса белгиледи.

Президент ишендиргендей, бир дагы жергиликтүү тургун жардамсыз жана керектүү колдоосуз калбайт.

Жапаров ошондой эле гуманитардык жардамды даректүү бөлүштүрүү зарылдыгына көңүл бурду.

Сүйлөшүү учурунда жергиликтүү тургундар окуяларда жабыркагандарга колдоо көрсөтүү, ошондой эле жеке маселелер боюнча бир катар темаларды көтөрүштү.

Алар бийликтин чек ара көйгөйлөрүн чечүү аракеттерин колдой тургандыктарын билдиришти.

Ошол эле учурда, жергиликтүү тургундар мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоого жана камкор кыргызстандыктарга ыраазычылыктарын билдиришип, гуманитардык жардамдар өлкөнүн ар тарабынан келип жаткандыгын белгилешти.

“Биздин үнүбүз сизге жетип жаткандыгына кубанычтабыз” деди Максат айылынын тургундары мамлекет башчысына кайрылып.

Жолугушуунун аягында Президент тиешелүү мамлекеттик структуралардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө көтөрүлгөн маселелерди чечүү үчүн бир катар тапшырмаларды берди, ошондой эле бардык объектилерди калыбына келтирүүнү жана курууну пландалган мөөнөттө аяктоону талап кылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.