Президент өлкөнүн көрүнүктүү маданият кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Садыр Жапаров кечээ, 22 -сентябрда, салтанаттуу азем учурунда республиканын маданий, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө салым кошкон, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн, ошондой эле КРнын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу бир катар маданият ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, мамлекет башчысы куттуктоо сөзүндө көп жылдардан бери өз тармагында үзүрлүү эмгектенип келе жаткан жана өлкөдө улуттук маданиятты жайылтууда иштеген адистердин эбегейсиз зор эмгегин белгиледи.

Маданият ишмерлеринин өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын жогору баалаган Садыр Жапаров, улуттук баалуулуктарды жана каада -салттарды сактап, келечек муунга жеткиргени үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Президент өлкө жетекчилиги өз кезегинде маданият чеберлерине бул багытта жардам берип, жемиштүү чыгармачылык иштери үчүн зарыл болгон нерселердин бардыгын жасаарына ишендирди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.