Президент кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-мартта кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады.

Өлкө башчы куттуктоосунда мамлекеттик туу-ар бир кыргызстандыктын мекенге болгон атуулдук сезимин чагылдырып туруучу символ экендигин айтып, туу астында бирге, чогуу болууга чакырды.

«Урматтуу мекендештерим!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун күнү менен куттуктайм!

Мамлекеттик туубуз — эгемен мамлекетибиздин атрибуттарынын бири, ар бирибиздин мекенге болгон атуулдук сезимибизди  чагылдырып турган символ.

Мамлекеттик туубузда кыргыз элинин биримдиги, өлкөбүздө жашаган жалпы мекендештерибиздин ынтымагы чагылдырылган.

Манас бабабыздан бери сакталып, муундан-муунга өтүп келаткан кызыл туубуздун бийикте желбиреп турушун камсыздоо — ар бирибиздин ыйык милдетибиз.

Аталардын таберигин аздектеп сактап, туу астында бирге, чогуу болуубуз абзел.

Биздин сыймыгыбыз болгон кызыл туубуз ачык асманда желбиреп, Кыргызстаныбыз өнүгүп-өсө берсин!

Сиздерге ден соолук, бакты-тааалай, ийгиликтерди каалайм.

Жараткан Кудай сүйүктүү Кыргызстаныбызды колдосун!»

Мамлекеттик туу 1992-жылы 3-мартта кабыл алынган. Быйыл Кыргыз Республикасынын туусуна 28 жыл толду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген