Президент өлкө жарандыгына кабыл алуу жана чыгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана чыгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, 81 адамга кыргыз  жарандыгына кабыл алуу жөнүндө, 242 адамга жарандыктан чыгаруу жөнүндө жарлыкка кол коюлду.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча ушул жылдын башына карата Кыргызстанда 6 миллион 637 миң адам бар.



Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.