Президент Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешин түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров КРнын президентине караштуу коррупцияга каршы ишкерлер кеңешин түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Коррупцияга каршы ишкер кеңешти түзүүнүн негизги максаты – коррупцияга каршы иш-аракеттер чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү, мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы коррупцияга каршы маселелер боюнча натыйжалуу диалогду камсыз кылуу, ошондой эле бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жана коргоо механизмдерин өркүндөтүү жана ишкердик субъектилеринин ишин колдоо болуп саналат.

Эске салсак, коррупцияга каршы ишкерлер кеңештин түзүлүшү, ошондой эле УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жоюлушу 23-июнда Жапаров менен ишкерлердин жолугушуусунда белгилүү болгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.