Президент коменданттарды дайындады Алар кимдер?

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарынын, Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги Малик Нурдинов Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун коменданты болуп дайындалды.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальниги Жеңишбек Джоробеков Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты болуп дайындалды.

Коронавируска байланыштуу 25-март саат 8:00дөн тарта Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондорунда өзгөчө абал киргизилет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген