Президент К.Тыныстановдун Ысык-Көл облусундагы эстелигине гүл койду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, кыргыз профессору, акыны, кыргыз жазмасынын негиз салуучусу, чыгаан мамлекеттик ишмер Касым Тыныстановдун  туулуп өскөн Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында орнотулган эстелигине гүл койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Быйыл Кыргызстандын белгилүү чыгаан инсандары Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгынын урматына мааракелик иш-чаралар республикалык деңгээлде өтүп жатат.

Мамлекет башчысынын маалымат кызматынан билдиришкендей, Садыр Жапаров Чырпык айылынын тургундары, алардын арасында Касым Тыныстановдун туугандары жана чөбөрөсү менен баарлашты.

Айылдын аксакалдары жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатка колдоосун билдирип, Өлкө башчысына мамлекеттик программаларды жана реформаларды ишке ашырууда ийгилик каалашты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.