Президент иш сапары менен Москвага учуп кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн иш сапары менен эки күнгө Москва шаарына учуп кетти. Бул тууралуу бүгүн президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Иш сапарынын биринчи күнүндө Жээнбеков Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуп, кыргыз-орус мамилелеринин учурдагы абалы жана келечеги тууралуу сүйлөшүшөт.

Андан соң өлкө башчы Орусиянын бир катар мамлекеттик кызматкерлери менен жолугуусу күтүлөт.

Иш сапарынын алкагында Сооронбай Жээнбеков Белгисиз солдаттын мүрзөсүнө гүл коюп Москвадагы “Кыргызстан” павильонуна барат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген