Президент эртең жаңы конституцияга кол коюп, элге кайрылуу жасайт

Президент Садыр Жапаров эртең, 5-майда, быйылкы жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган жаңы конституцияга кол коет жана өлкө элине кайрылуу жолдойт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Иш-чарага мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү – Жогорку Кеңештин депутаттары, сот тутумунун, Өкмөтүнүн өкүлдөрү, коомдук ишмерлер катышат.

Улам-улам курчуп жаткан эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, чакырылган адамдар коронавирустук инфекциянын болушуна ПЦР анализдерин тапшырышты, иш-чара бардык зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен уюштурулду.

Иш-чара саат 10:00дө Коомдук телерадиоберүү корпорациясынан, өлкөнүн республикалык жана аймактык телеканалдарында түз эфирде көрсөтүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.