Президент БУУнун башкы ассамблеясынын жалпы дебатына катышат

22-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын жалпы дебаттарынын жогорку деңгээлдеги жумалыгы ачылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Анын айтымында, күндүн биринчи жарымында президент Садыр Жапаров дүйнөлүк коомчулукка видео кайрылуу жасайт.

Тышкы иштер министрлигинин башчысы Руслан Казакбаев деңизге чыга албаган өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна, 2021 -жылкы ядролук сыноолорго толук тыюу салуу келишиминин күчүнө кирүүсүнө көмөктөшүү конференциясына, энергетика боюнча диалогго катышат.

Эл аралык өзөктүк куралды жок кылуу күнүнө карата жолугушуу жана эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында БУУнун жетекчилиги жана анын чет элдик кесиптештери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.