Президент буга чейин кайра иштеп чыгуу үчүн парламентке кайтарган жазык кодекстерине кол койду

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана жазык кодекстерин колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду.

Белгилей кетсек, мамлекет башчысынын каршы пикиринен соң кайра иштелип чыгып жана Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган жазык кодекстерине президент үстүбүздөгү жылдын 28-октябрында кол койгон.

Буга чейин жогоруда белгиленген мыйзамдык актылар бир катар дал келбестиктер жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен жана Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдары менен ички карама-каршылыктардан улам Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан мыйзам чыгаруу органына макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн кайтарылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.