Президент бир катар аскер кызматкерлерин сыйлады

Садыр Жапаров бүгүн, 21-июнда бир катар аскер кызматкерлерине аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөткөн эрдиги үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда белгилүү болгондой, мамлекет башчысы өз сөзүндө эл-жерге кызмат кылуу — кандайдыр-бир сыйлыкка умтулуу эмес, өз өмүрүн, топтогон тажрыйбасын, болгон билимин Мекенге арнап, өлкөнүн өнүгүүсүнө салымын кошуу дегенди билдирерин баса белгиледи.

Садыр Жапаров Айкөл Манас баштаган ата-бабаларыбыздан берки баатырлардын тизмесинин аягы бүтпөстүгүн, бүгүнкү Ата Мекенди коргоочулар өлкө үчүн жан аябай кызмат кылууга даяр экенин айтты.

Мамлекет башчысы ар бир жаранды бир максатты көздөп, биргеликте иш алып барууга чакырып, кыргызстандыктар учурдагы бардык кыйынчылыктарды ынтымак менен гана жеңип чыга алаарын белгиледи.

«Кынтыксыз кызматыңар, кызматтык жана аскердик милдеттерди өтөөдөгү өлчөөсүз эрдигиңер келечек муунга үлгү болсун!», — деп жыйынтыктады президент.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.