Президент берилген тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу боюнча тескемеге кол койду

Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда бизнес-коомчулук менен жолугушуунун жыйынтыгында мамлекет башчысы тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу максатында тескемеге кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тескемеге ылайык, өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун башчыларына, министрлер кабинетинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына ишкерлер менен жолугушууда президент тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу тапшырылат.

Президенттин тапшырмаларын талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жогоруда аталган жетекчилер тартиптик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 23-июнунда бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуусунун жыйынтыгында берген тапшырмаларын төмөнкү тиркемеде сунуштайбыз.

 Приложение к РПКР на гос яз.docx (*.docx, 35.2 kb)

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.