Президент: балдарды колдоп, коргогон мыйзамдар кабыл алынып, тезинен ишке ашышы керек

Бул жыл балдарды коргоп, колдоого көңүл бурулган жыл  болушу керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Өлкө башчысы жыйында балдарды коргоонун чараларын жакшылап көрүү тууралуу сүйлөп, аларга карата зордук-зомбулуктун алдын алууну күчөткөн мыйзамдарды кабыл алуу керктигин билдирди.

 “Жакында Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлору киргизилет. Алардын сап башында балдарды зордук-зомбулуктардан коргоочу , ар бир кароосуз калган балага кам көрүүчү жергиликтүү жана мамлекеттик органдардын милдеттерин күчөтө турган мыйзамдар турушу керек”,- деди президент.

Сооронбай Жээнбеков аталган мыйзамдар ушул жылы ишке ашышы керектигин кошумчалады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген