Президент “Бала-Саруу” жаңы ГЭСинин курулушуна капсула салды

Кечээ, 29-августта, Садыр Жапаров Талас облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Киров суу сактагычына жаңы “Бала-Саруу” ГЭСинин курулушуна капсула салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Анда, мамлекет башчысына “Киров” суу сактагычынын төмөн жагында, Энергетика жана өнөр жай министрлигинин көмөгү менен “Улуттук холдинг компаниясы” ААКсы, “Чакан ГЭСи” ААКсы, Бала-Саруу ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыра баштаганы маалымдалды.

Иштелип чыккан жол картасына ылайык, долбоор 2022 -жылдын декабрында бүтүшү керек.

Бул ГЭС мурда колдонулбаган Киров суу сактагычынын гидроэнергетикалык ресурстарын эң натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.

»Бала-Саруу» ГЭСин куруу долбоору жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генераторлуу  ГЭСтин курулушун ичине камтыйт. Ал жылдык орточо 92 миллион кВтс электр энергиясын өндүрөт.

Талап кылынган каржылоо булактарынын көлөмү, иштелип чыккан техникалык -экономикалык негиздемеге ылайык, 22,9 миллион долларды түзөт.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, каржылоо булагы боюнча маселе Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен чечилип жатат жана өнүккөн баскычта.

Жаңы ГЭС электр тармактары үчүн жагымдуу жана ишенимдүү иштөө режимин түзөт.

Садыр Жапаров баса белгилегендей, мамлекет энергетиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат, анткени ал экономиканын негизи жана калктын жашоо шартын жакшыртууга салым кошкон негизги тармактардын бири.

“Жаңы ГЭСтерди куруп, экономиканы өнүктүрүү, ошол эле учурда жаратылышты  сактап калып, келечек муунга бузбай этпей өткөрүп берүү биздин башкы милдетибиз. Азыркы тапта энергетикалык көз карандысыздыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу негизги максаттарыбыздан болуп турат. Бүгүнкүдөй шартта бул максаттарга жетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр жумшалууда. Мунун алкагында бүгүнкү күндө энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө, анын ичинде чакан ГЭСтерди курууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилейм. Бул тармакты өнүктүрүүгө салымын кошуп жаткан мекенчил, тажрыйбасы мол азаматтарыбыздын аракети менен өлкөбүздүн аймактарында чакан ГЭСтердин курулуп жатышы, албетте, кубандырбай койбойт”, — деди Садыр Жапаров.

Анын айтымында, ири масштабдуу өнөр жай долбоорлорун ишке ашыруу келечекке болгон маанилүү кадамдардын бири.

Ал “Бала-Саруу” ГЭСинин курулушу мамлекеттин өндүрүштүк кубаттуулуктарын жогорулатууга чоң дем берет, ошондой эле Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт деп ишенээрин билдирди.

Бул ГЭСтин иштөө режими Киров суу сактагычынын сугат режими менен синхрондоштурулат. Анда акыркы технологияларды колдонуу менен заманбап жабдуулар орнотулат, плотинанын механикалык жабдуулары модернизацияланат жана суу сактагычка кирген жана чыккан суунун көлөмүн эсепке алуунун акыркы системалары киргизилет.

Мунун баары суунун топтолгон көлөмүн сугатка пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Президенттин айтымында, жаңы ГЭСтерди долбоорлоо жана куруу, монтаждоо иштерин ата мекендик компаниялар аткарат.

Бул долбоорду ишке ашыруу учурунда өндүрүлгөн электр энергиясы сатылып, андан түшкөн каражат финансылык милдеттенмелерди жабууга жумшалат. Ошентип, мамлекеттик бюджетке эч кандай жүк болбойт.

“Бала-Саруу” ГЭСи республиканын чакан гидроэнергетикасынын мамлекеттик локомотиви болуп калат.

Садыр Жапаров тийиштүү мамлекеттик органдарга артыкчылыктарга өзгөчө көңүл бурууну жана курулуш маселелерин чечүү үчүн өз убагында, эффективдүү чараларды көрүүнү тапшырды. Долбоордун толук, ийгиликтүү жана сапаттуу аткарылышы үчүн Энергетика жана өнөр жай министрлиги жооп берет.

Ошондой эле, мамлекет башчысы учурда «Бала-Саруу» ГЭСинен тышкары, Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи агрегатын ишке киргизүү долбоору, Токтогул ГЭСин жана Ат-Башы ГЭСин модернизациялоо, Папан, Орто-Токой, Төрт-Көл суу сактагычтарында чакан ГЭСтерди куруу, ошондой эле Камбарата ГЭС-1дин жана Кара-Көл ГЭСинин курулуштарынын долбоорлору иштелип жатканын кошумчалады.

Садыр Жапаровдун айтымында, бул долбоорлорду ишке ашыруу өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого, бардык жарандарды электр энергиясы менен камсыздоого, ошондой эле электр энергиясы менен камсыздоо жаатындагы эл аралык келишимдер боюнча кыргыз тарап алган милдеттенмелерди аткарууга өбөлгө түзөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.