Президент бүгүн иш сапар менен Нарын облусуна барат

Бүгүн, 24-октябрда Мамлекет башчы Нарын облусуна баратБул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында  Сооронбай Жээнбеков Нарын районунун жана Нарын шаарынын жашоочулары менен жолугушат.

Аны менен бирге, социалдык объектилерге барат жана  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ)кызматкерлери  үчүн курулган жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу аземине катышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген