Президент Ашхабаддагы Кыргыз-Түркмөн экономикалык форумунуна катышты

Садыр Жапаров, 27-июнда, Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсүн көрүп чыгып, кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылыш аземине катышты. Иш-чаралар Ашхабаддагы соода-өнөр жай палатасынын имаратында өттү. Бул тууралуу президентинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Чары Гылыжов Кыргызстандын башчысын көргөзмө экспозициялары менен тааныштырып, газ өндүрүү, мунайды кайра иштетүү, химиялык өнөр жай, текстиль өнөр жайы, өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле курулуш, айыл чарбасы, жер казынасын пайдалануу ж.б. менен тааныштырды.

Андан кийин, кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылыш аземи болуп, анда Садыр Жапаров Түркмөнстандын мамлекеттик органдарынын жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнө сөз сүйлөдү.

Биринчи кезекте, Садыр Жапаров Кыргызстандын Түркмөнстан менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө үзгүлтүксүздүктү сактоого умтулгандыгын баса белгилеп, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин коңшулаш мүнөзүн белгиледи.

Ошол эле учурда ал соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө басым жасап, кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы дем берүү маанилүү экендигин белгиледи.

Президенттин айтымында, Кыргызстан инвесторлордун ишенимин жогорулатуу жана өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурат.

Ошондой эле, мамлекет башчысы экономиканын ар кандай тармактарында бир катар преференцияларды жана стимулдарды камсыз кылган инвестициялык ишмердүүлүккө жана чет өлкөлүк инвесторлордун укуктарын коргоого байланыштуу учурдагы либералдык мыйзам базасын баса белгиледи.

Садыр Жапаров кошумчалагандай, буга катар эле учурда өлкөдөгү инвестициялык долбоорлорду даярдоо, кароо жана ишке ашыруу процедураларын жөнөкөйлөтүүгө багытталган бир катар мыйзам долбоорлору иштелип жатат.

Ал Кыргызстандын инвестициялык артыкчылыктарын, анын ичинде Европа Бирлигинин өлкөлөрүнө жана Америка Кошмо Штаттарына товарлардын 6 миңден ашык түрүн алымсыз киргизүүнү камсыз кылган ВСП + статусунун бар экендигин белгилеп өттү.
Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуу, бул ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин миллиондогон рыногуна жеңилдетилген шартта өнүмдөрдү экспорттоо үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Алар, жеткиликтүү квалификациялуу жумушчу күчүнүн, энергетикалык ресурстардын, либералдык инвестициялык мыйзамдардын жана салык тутумунун болушу.

Садыр Жапаров тажрыйба алмашууга жана Түркмөнстандын мунай химиясы, газ жана электр энергетикасы тармагында иштеген ишканаларын Кыргызстандын рыногуна тартууга кызыкдар экендигин билдирди.

Президент Түркмөнстандын экономикасынын алдыңкы тармактарынын бирин – текстиль өнөр жайын белгиледи, анда ири текстиль комплекстери, пахтадан жип ийрүү жана токуу өнөр жайлары, тигүү фабрикалары, жибек иштетүүчү ишканалар, бут кийим фабрикалары, тери жана жүндү алгачкы иштетүү фабрикалары.

Мамлекет башчысы түркмөн өнөр жайчыларын Кыргызстанда жеңил өнөр жайы артыкчылыктуу тармак деп эсептелген ишканаларды ачууга жана жергиликтүү ишкерлер менен тажрыйба алмашууга чакырды.

Мамлекет башчысынын айтымында, Кыргызстан суу ресурстарына ээ өлкө катары энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында эбегейсиз потенциалга ээ, бул дагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын чоң келечегин ачат.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров эки өлкөнүн туристтик потенциалын мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарба жана инфраструктура жаатында өз ара аракеттенүүгө басым жасады.

Мамлекет башчысы ошондой эле өлкөлөрдүн болгон транспорттук жана транзиттик потенциалын пайдалануунун маанилүүлүгүн белгилеп, кыргыз-түркмөн товарларын дүйнөлүк базарларга экспорттоого көмөктөшө турган биргелешкен кыргыз-түркмөн логистикалык компаниясын түзүү келечегин баса белгиледи.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, Садыр Жапаров түркмөн ишкерлерин Кыргызстанды ишенимдүү ишкер өнөктөш катары эсептөөгө чакырып, аларды жигердүү кызматташууга жана ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга чакырды.

Форумга экспорттук продукцияны өндүрүүчү Түркмөнстандын ири ишканаларынын жетекчилери катышты.

Түркмөн тараптан: энергетика министри Чарымурад Пурчеков, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Чары Гылыжев, мамлекеттик министр – “түркмөнгаз” мамлекеттик концернинин төрагасы Батыр Аманов, “түркмөнхимия” мамлекеттик концернинин төрагасы Ниязлы Ныязлыев, Түркмөнстандын тышкы экономикалык иштер боюнча мамлекеттик банкынын башкармалыгы Рахимберди Джепбаров Түркмөнстандын өнөр жайчылары жана ишкерлери Довран Худайбердыев;

Кыргыз тараптан: Инвестициялар министринин орун басары Умбриэл Темиралиев жана Өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин төрагасы Данил Ибраев.

Кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун алкагында, ошондой эле, эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуулар болуп өттү. Онлайн режиминде, ишкерлер ортосунда көп тараптуу өнүмдөрдү жеткирүү боюнча эки тараптуу келишимдер түзүлдү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.