Президент акционердик коомдорго тышкы башкарууну киргизүүнү жактырды

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Акционердик коомдор жөнүндө мыйзамга, Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, бүгүн  Садыр Жапаров 6-майда Жогорку Кеңештин депутаттары кабыл алган мыйзам долбоорун жактырды.

Мыйзамдын негизги максаты – жер казынасын коргоонун, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузган, иштеген же жашаган адамдардын өмүрүнө же ден-соолугуна дароо коркунуч келтирген коомдордо тышкы башкарууну киргизүүнүн негиздерин жана тартибин жөнгө салуучу ченемдерди киргизүү болуп саналат.

Мындан тышкары, кылмыш-жаза кодексине убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомдун башкаруу органдарына коюлган чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти караган берене менен толукталды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.