Президент Аксы районундагы селдин кесепеттерин тез арада жоюуну тапшырды

Садыр Жапаров бүгүн, 13-июлда, министрлер кабинетине Жалал-Абад облусунун Аксы районунда бир күн мурун түшкөн селдин кесепеттерин тез арада жоюу үчүн бардык чараларды көрүүнү жана табигый кырсыктан жапа чеккен калкка тийиштүү жардам көрсөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы селдин кесепетинен каза болгондордун жана жаракат алгандардын жакындарына көңүл айтты.

Садыр Жапаров бул өлкө табигый кырсыктын кесепетинен жакындарын жоготкондордун кайгысын кыргыз эли менен бөлүшөрүн баса белгилеп, бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишине үмүттөндү.

Бардык жабыр тарткандарга мамлекет тарабынан мүмкүн болгон колдоо көрсөтүлөрү белгиленди.

Эске сала кетсек, нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Аксы районунда мурунку түнү сел жүргөн. Натыйжада сел 8 адамды, анын ичинде 2 жаш баланы алып кетти. Эки баланы издөө иштери улантылууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.