Президент: 2023- жылга чейин бардык айылдар таза суу менен камсыз болсун!

Кыргызстанда 653 айыл таза сууга муктаж. Алардын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад, Ош жана  Ысык-Көл облустарында жайгашкан. Көйгөйдү чечүү үчүн Дүйнөлүк банк 43 миллион долларды насыя аркылуу берүүдө. Бул каражатка жалпы 53 айыл 2023-жылга чейин толук ичүүчү суу менен камсыздалат. Ага Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат, Алай жана Өзгөн райондору кирет. Мындан сырткары Жалал-Абад жана Чүй облустарынын  бир катар айылдары таза сууга болгон муктаждыктан арылат. Бүгүн парламент аталган насыяна жалпы жыйында карап, ратификациядан өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Быйыл өлкө боюнча 150 айыл толук кандуу  таза суу менен камсыз болоору күтүлүүдө. Анткени Дүйнөлүк банктан келген насыядан сырткары, мамлекеттик казындан жана гранттык акчалар бөлүнгөн. Буга Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын бир катар айылдары кирип, таза суу 2023-жылга толук киргизилет.

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бакытбек Абдиевдин айтымында таза суу маселесин чечүүчү каражат жана долбоорлор даяр.

“Долбоорду ишке ашыруу үчүн иш- аракеттер жүрүп жатат. Ушул жылдан баштап 2023- жылга чейин өлкө аймагындагы бардык айылдарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында тынымсыз иштейбиз”,- деди Бакытбек Абдиев.

Кыргызстандын 386 айылында совет мезгилинен бери таза суу түтүктөрү курулган эмес. Ал эми 269 айылда түтүктөр тартылып, бирок ичүүчү суу жеткирлибей калган. Мындан улам өкмөт калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн чет элдик гранттарды, насыяларды алууга аргасыз болууда. Дүйнөлүк банктын насыясы 38 жылга кайтарымдуу негизде берилет. Учурда куруу иштери жүрүп жатат.

Парламент өкүлдөрү таза суу программасын ишке ашырууда коррупциялык схемалар күч алганына тынчсызданышууда. Анткени бөлүнгөн каражаттар ыксыз колдонулуп, бир катар долбоорлор ишке ашпай калган. Ошондуктан, депутаттар мыйзамсыздыкка жол берген тиешелүү жетекчилерди жоопко тартууну жана бөлүнгөн каражатты максатуу пайдаланууну сунушташат.

Мамлекеттин туруктуу өнүктүрүү стратегиясына ылайык, 2026-жылга чейин өлкөнүн баардык айылдары таза суу менен камсыз болуусу керек. Бирок, Президент аны 2023-жылга чейин бүтүрүү тапшырмасын берип, өкмөт эл аралык уюмдардын жардамы менен ушул багытта аракет жасап жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген