Президент 20 жергиликтүү кеңешти таратты

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы 20 шаардык жана айылдык жергиликтүү кеңештерди таратуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо боюнча жарлыкка кол койду.

,
Алардын катарында Жалал-Абад, Айдаркен, Кадамжай, Таш-Көмүр, Кара-Балта, Кемин  шаардык кеңештери жана Жерге-Тал, Кара-Суу айылдык, А. Суеркулов айылдык кеңеши, Кара-Жал, Тоголок Молдо айылдык кеңеши, Жергетал Кара-Булак, Кызыл-Октябрь, Төлөк, Курама Кызыл-Туу, Фрунзе айылдык кеңештери  таркатылды.

Бул жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо ушул жылдын 28-майына белгиленди.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген