Премьер-министр: инвесторлордун тартылышы өлкөгө ири пайда алып келээрин жаштар түшүнүшкөн жок

Ат-Башы жергесине соода-логистикалык борбордун курулушуна каршы чыккандардын көпчүлүгү жаштар экендигин КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бизнес-түзүмдөрдүн жана донордук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.

Өкмөт башынын айтымында, каршы чыккан жаштар тескерисинче инвесторлорду колдоп, элдин иш менен камсыз болушуна жардам берип, чет элге агылып кеткен мигранттардын санынын азайышына көмөк көрсөтүшү керек эле.

“Пландалган борбордун курулушу менен 15 миң адамга жумуш орду түзүлмөк. Жогорку технологиялык өндүрүш киргизилип, бюджетке ири өлөмдөгү киреше түшмөк”,- деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев кошумчалагандай, Кыргызстан тарыхында алгачкы ирет милдеттердин баарын өзүнө алган инвестордун өлкөбүз үчүн кооптуулугу жок эле. Бир сөз менен айтканда, өлкөгө чоң экономикалык пайда алып келген логистикалык борбор курулмак.

“Инвестор өзүнө бир нече милдеттерди алган, андан тышкары борборду куруу үчүн мамлекеттин кепилдигисиз миллиондогон долларларды сарптамак. Тилекке каршы жергиликтүү калк менен мамиленин атайылап бузулушунан улам компания долбоордон чыгууга туура келип жатат. Нарындыктардын кызыкчылыктарына каршы келген жалган, ушак аркылуу таратылган маалыматтар пландалган борбордун курулушуна тоскоол болду. Мени эң өкүндүргөнү- жаштардын каршылыгы болуп жатат. Дал ушул жаштар элибиздин жашоосун жакшыртуу үчүн бардык ресурстарды, кайсы өлкө болбосун, чет элдик инвесторлордун ресурстарын да пайдаланып калышы керек эле. Бул миграциянын да азайышына салымын кошмок”,- деп билдирди Премьер-министр Абылгазиев.

Мухаммедкалый Абылгазиев ырастагандай, Өкмөт мындан ары да өлкөгө ири инвесторлорду тартууну уланта бермекчи жана Кыргызстанда ишкерлик жүргүзүү үчүн шарттар түзүлөт.

Эске сала кетсек, 17-февралда Ат-Башы районунда 700-800 киши катышкан соода-логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг өткөн. Чогулгандар өкмөт борбордун курулушу боюнча токтомун жокко чыгарышын талап кылышкан.

Кореялык компания Кыргызстанга соода-логистикалык борборун курушу мүмкүн

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген