Премьер-министр дыйкандарга кандай сунуш берди?

Өкмөт дыйкандарга пахта, кант кызылчасы, тамеки жана жашылча-жемиштерди көп эгип, ал эми кирешеси аз эгиндердин аянтын кыскартууну сунуштады. Анткени ЕАЭБтин алкагында аталган продуцияларды экспорттоого басым жасалат. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

Парламенттин жалпы жыйынында өкмөт башчы белгилегендей, бул жылы өкмөт айыл-чарбаны өнүктүрүүгө, өндүрүштү сактоого, сатууга жана кайра иштетүүгө көңүл буруп жатат. Мындан улам дыйкандар атайын окутуудан өтүп, минералдык жер семирткичтерди колдонуу боюнча багыт алышат. Ошондой эле айыл-чарбаны каржылоо максатында 1 млрд  сомго субсидия берилет. Сапар Исаков кошумчалагандай дыйкандарга күйүүчү, майлоочу майлар жана жер семирткичтер жетиштүү болот.

“Быйыл дыйкан-чарбалар, фермерлер жана жеке тараптар өкмөт тарабынан 6,5 млрд сомдон ашык насыя ала алышат. Мындан тышкары иригация маселесин чечүү жооопкерчилигин айыл-чарба министрлиги алып, айдоо аянттарга сугат сууну жеткирүү аракеттерин көрүүдө”,- Исаков.

Парламенттин жыйынында кээ бир эл өкүлдөрү картошканын аянтын кеңейтүү керектигин билдиришти. Анткени өлкөдө өндүрүлгөн бул өсүмдүккө суроо талап көп. Мындан улам Нарын жана Ысык-Көл облусунун дыйкандарына картошка эгүүгө айыл-чарба министрлиги кеңеш берип, аны экспорттоого көмөк көрсөтүшү керек.

Акыркы жылдары дыйкандарды зыянга учураткандыгы үчүн айыл-чарба министрлигинин дарегине бир топ сындар айтылып келген. Бирок парламент жыйынында аталган тармакта кыскартуулар болоорун өкмөт башчы убада кылды. Эми министрлик дыйкандар менен тыгыз кызматташып, түшүмдүлүктү көбөйтүүнү жана сатууну колго алат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген