Польшадан келген дарыгерлер ишин башташты

Кечээ, 19-апрелде Польшадан келген медицина кызматкерлери ишке киришишти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалым болгондой, польшалык дарыгерлер Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканадан иштерин башташты.

“Алар коронавирус оорусун дарылоо процессине жардам беришет”, – деп билдирди Үсөнбаев.

Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, Польшанын медадистери 27-апрелге чейин Бишкекте, андан кийин Ош жана Жалал-Абад облустарындагы жергиликтүү дарыгерлерге жардам көрсөтүшөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы менен Польшадан сегиз медициналык кызматкерден турган топ кечээ, 19-апрелде келген. Алар коронавирус менен күрөшүү боюнча жергиликтүү дарыгерлерге көмөк көрсөтүшөт.

Дүйнөдө вирусту жуктургандардын саны 2,5 млнго жакындады

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.