Подполковник Алановду беш чек ара кызматкери сотко берди

Мамлекеттик чек ара кызматындагы мыйзамсыз иштер тууралуу айтып чыккан офицер Талгат Алановго каршы беш кызматташы Ош шаардык сотуна кайрылды.

Талгат Алановго каршы «Достук» чек ара өткөрмө бекетинин эки кызматкери, «Эркечтам» чек ара өткөрмө бекетинин бир кызматкери жана Алай районунун аймагындагы Сары-Таш чек ара заставасынын фелдшери сотко арыз жазышкан. Алар Талгат Алановдун басма сөз жыйынында айткандарын төгүндөп, «коомчулукка жалган маалымат таратып, кадыр-баркыбызга шек келтирди» деген жүйө менен ар бирине 100 миң сомдон кенемте төлөп беришин өтүнүшкөн.

Өз кезегинде Аланов прокуратуранын териштирүүсү аяктай электе кызматташтарынын сотко кайрылуусун мыйзамсыз деп эсептейт.

“Бул мыйзамга туура келбейт. Себеби, азыр Аскер прокуратурасында иликтөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен сот менин басма сөз жыйынында айткандарыма баа берет. «Аланов туура же туура эмес айтыптыр» деген соттун чечиминин негизинде булар сотко берсе болмок”, – деди ал.

Алановдун 2019-жылдын 27-ноябрында өткөн басма сөз жыйынындагы билдирүүсүнөн кийин Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы териштирүү ишин баштаган. Бирок териштирүүнүн жыйынтыгы чыга элек. Басма сөз жыйынында Аланов өзү иштеген мекемедеги мыйзамсыз иштер тууралуу маалымдаган. Анда Аланов «Достук» жана «Эркечтам» чек ара көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги акча топтоо, Алай районунун аймагындагы Сары-Таш заставасынын кызматкерлери чабандардан мал-жандык алган фактыларын мисал келтирген. Мындан тышкары Мамлекеттик чек ара кызматынын башында тургандар кошуна өлкөлөр менен чектеш аймактардагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде иштеген кызматкерлерден «үлүш» алып турарын, түзүмдүн ичинде жазылбаган мыйзамдар бар экенин айтып, кызмат орундары акчага сатыларын да кошумчалаган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген