Пекин миллиардерлердин көптүгү боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты

Пекин миллиардерлердин санынын көптүгү боюнча дүйнөдө биринчи сапка чыкты. Мындай көрсөткүчтү Forbes  жарыялады.

100 миллиардер менен Кытай шаары 99 көрсөткүчүн кармап турган Нью-Йорктон ашып өттү.

Пекиндеги эң бай адам — Чжен Иминь. Ал TikTok соцтармагына ээлик кылган ByteDanceкомпаниясынын негиздөөчүсү. Анын байлыгы 35,6 миллиард долларга бааланат.

Ал эми Нью-Йорктун эң байы экс-мэр жана ишкер Майкл Блумберг. Анын байлыгы 59 миллиард долларга барабар.

Рейтингдин кийинки саптарын Индия, Германия жана Орусия ээлейт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.