Патрулдук милицияны автоунаанын капотунда сүйрөп кеткен видео

Баткен шаарында патрулдук милиция кызматкерин “Опел” үлгүсүндөгү автоунаа көчөнү бойлото капотуна сүйрөп кеткен видео тарады. Аны интернет колдонуучу Жыргалбек Атамалиев өзүнүн баракчасына жарыялады. Бирок видеонун автору ким экенин билбей турганын “Ынтымакка” билдирди.

Баткен ОИИБнин басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Дамира Юсупова “Ынтымакка” бул видео боюнча комментарий берди.

“Бул окуя кече, (06.05.17) Баткен шаарынын Нургазыев көчөсүндө болгон. Айдоочу жол белгисине баш ийбей, башка автоунааларга тоскоол болгондуктан, ПМ кызматкери аны токтоткон. Бирок айдоочу баш ийбей, качып кеткенге үлгүргөн”,-деди Юсупова.

Анын кошумчалаганына караганда, бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бактыга жараша патрулдук милиция кызматкери жаракат алган эмес. Учурда ал айдоочунун жашаган жери аныктала элек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген