Патенти жок тойдо кызмат көрсөткөндөргө текшерүү күчөтүлөт

Тойдо патентсиз иш алып барган тамада, ырчы, бийчи жана сүрөтчүлөр текшерүүгө алынат. Аларга тыкыр көзөмөл жүргүзүлүп, патент алуу милдеттендирилет. Эгер баш тарткандар болсо акт түзүлүп, айыпка жыгылат. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош шаардык салык кызматынын салыктар менен иштөө бөлүмүнүн сектор башчысы Асылбек Абдырай уулу билдирди.

Айтымында, тойдо кызмат көрсөткөндөргө салык баасы аймактарга жараша бөлүнөт. Баткенде 500 сом, Ошто 2 500 болсо, Бишкекте 3000 миң сомго чейин жетет. Токтом боюнча патент он беш күндүк, үч айлык жана бир жылдык болуп берилет. Эгер үч айга алып, бирок ишкерлиги токтоп калса патентти убактылуу жаптырууга мүмкүнчүлүк бар.

Салык кызматынан кошумчалашкандай, Ошто мааракелерде кызмат көрсөткөндөрдүн канчасы патентсиз иш алып барып жатканы анык эмес. Тамадалардан каттоодо тургандары 10 адамды гана түзөт.

Маарекелерде кызмат көрсөткөндөрдүн мамлекетке салык төлөбөй жатышы буга чейин да көтөрүлгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген