Паспорттун баасы көтөрүлдү. Эми башкы документти алуу үчүн канча каражат керектелет?

2020-жылдын 17-августунан тартып, 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту eID-картанын баасы жогорулады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан маалым болду.

Тиешелүү кызматтан белгилүү болгондой, паспорттун баасынын кымбатташы акысыз бланктардын берилип бүткөндүгү менен байланыштуу.

Белгилүү болгондой, 2017-жылдын май айынан тартып, КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) жарандардан чип орнотулган eID-карталарын берүү үчүн арыздарды кабыл ала баштаган. Чипте документ ээсинин ысымы, фамилиясы, атасынын аты, жеке идентификациялык номери, туулган жылы, жашаган дареги, үй-бүлөлүк абалы, улуту, санарип сүрөтү, манжа издери, автооризациядан өтүү жана электрондук документтерге кол коюу үчүн электрондук санариптик кол тамгасы камтылган.

Эгерде үй-бүлөлүк абалы же жашаган дареги сыяктуу параметрлер өзгөрүлсө, паспорт ээсинин маалыматтары түздөн-түз чипте өзгөртүлүп, eID-картаны толугу менен алмаштыруунун кажети жок. Демек, бул паспорт ээсинин убактысын жана акча каражатын үнөмдөйт. Ошол эле учурда, документтерди жасалмалоодон коргоого үчүн, паспорттун бетиндеги бошотулган жерлерге инновациялык технологияларды колдонуу менен кошумча коопсуздук элементтерин орнотуу мүмкүн болду.

Биометрикалык паспортторду киргизүү долбоору Мамлекеттик каттоо кызматынын тарабынан KOICA – Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттиги менен тыгыз кызматташтыкта ​​ишке ашырылууда, грант катары 1,9 млн. паспорттун бланктары бекер берилген. Кызматташуунун шарттары боюнча, жарандарды мындан ары электрондук карта менен камсыз кылуу акы төлөнүүчү бланктар менен жүргүзүлүп, 1,1 миллион бланк акча каражатын төлөөнү талап кылат. Буга байланыштуу жарандар паспорттун бланкасы үчүн 206 сом өлчөмүндө акча каражатын төлөшү керек.

Ошентип, eID-карталарын жөнөкөй тартипте алуу үчүн канча сом төлөө керек?

– Биринчи жолу жарандар паспорттун бланкы үчүн 206 сом, персоналдаштыруу үчүн 241 сом, банк кызматы үчүн 23 сом өлчөмүндө, жалпысынан 470 сом төлөшү керек.

Ал эми паспортту тез арада алууну каалаган жарандар:

-Биринчи жолу паспорттун бланкы үчүн 206 сом, персоналдаштыруу үчүн 516 сом, тез арада докуенттерди кабыл алуу жана берүү үчүн 518 сом, банк кызматы 20 сом, жалпысынан 1260 сом төлөшү керек. Бул учурда паспортту даярдоо жана берүү мөөнөтү 8 жумушчу күндү түзөт. Мындан тышкары, жарандардын паспортту 4 күндүн, 2 күндүн жана 3 саат ичинде алууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.