Парвина Исломова кайрымдуу адамдардан жардам сурайт

Үч баланын энеси Парвина Исломова эки жылдан бери бөйрөк оорусунан жабыркап келет. Учурда гемодиализ аппараты менен гана жашап жатат. Эгер аппаратка түшпөсө кан басымы көтөрүлүп, акыбалы оорлошот. Дарыгерлер бөйрөктү алмаштыруу жолу менен гана туруктуу жашап кетүүгө боло турганын айтышууда. Бирок операция чет өлкөлөрдө гана жасалып, кеминде 17 миң долларды талап кылууда. Бул сумманы табууга чамасы жетпегенүй-бүлө кайрымдуу инсандардан көмөк күтөт.

Парвина Исламова үчүнчү баласын операция жолу менен төрөгөндөн кийин бөйрөк оорусу күч алат. Андан бери эки жыл өттү. Баткен облусунда гемодиализ аппараты жок болгондуктан Ош же болбосо Бишкек шаарына барууга туура келет. Учурда гемодиализ алуу үчүн Ош шаарында жашап жатат.

Ал Ош облустук ооруканасында жумасына эки жолу аппаратка түшүп турат.  Эгер убагында барбаса кан басымы бир калыпта болбой, өмүрүнө коркунуч жаралат.

“Менин туруктуу жумушум жок. Күнүмдүк гана иштерде иштеп келе жатам. Аялымдын операциясы үчүн кайрымдуу адамдардан жардам сурайм”,- деди жолдошу Абдилашим Хакназаров.

Буга чейин Хакназаровдун үй-бүлөсү турак-жайын сатып, Тажикстанга операция жасатыш үчүн барышкан. Бирок топтолгон сумма жетпей, кайра кайтып келишкен. Азыр өздөрү камдаган акчага үч миң доллар жетпей жатат. Ошондуктан бул үй-бүлө жалпы коомчулуктан көмөк көрсөтүүнү суранышат. Жардам берүүнү каалагандар төмөндөгү банктык эсептер боюнча жардам беришсе болот.

Исломова Парвина Худайбердиевна

Телефон: 0779-03-73-78

Атайын эсеп: 12 80 11 60 317 22178

Ош филиалы “КИКБ” Кыргыз Республикасы

БИК: 128011

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz