Партиялар шайлоого 44 миллион сом сарпташты

11-июлда өткөн Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого катышкан партиялар өз чыгымдарын жабуу үчүн 44 миллион 254 миң сом сарпташты. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Акчанын көпчүлүк бөлүгүн Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышкан партиялар жумшаган. Алардын чыгымдары 34,3 миллион сомго жетти.

Оштогу шайлоодо партиялар 7,8 миллион сом сарпташты. Эң аз каражатты Токмок шаардык кеңешиндеги орундар үчүн күрөшкөн саясий партиялар короткон. Алардын чыгымдары 2,1 миллион сомду түздү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.