Парламенттик шайлоо конституциялык реформа жүргүзүлгөндөн кийин өтөт

Парламенттик шайлоо конституциялык реформа жүргүзүлгөндөн кийин өтөт. Мындай мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, буга чейин түзүлгөн Конституциялык кеңеш президенттик шайлоо жана референдумга байланыштуу өз ишин убактылуу токтоткон.

Эске салсак, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы  5-6-октябрдагы окуялардан кийин жокко чыгарылып, БШК парламенттик шайлоону кайра өткөрүүнү 20-декабрга дайындаган. Бирок 22-октябрда депутататтар Конституцияны өзгөртүү жана президенттик, парламенттик шайлоолордун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзам долбооруна бир ооздон макулдук берген. Добуш берүү ачык жүрүп, 84 депутаттын 83үнүн макулдугу менен мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.