Парламент ипотека насыясы үчүн баштапкы төлөмдү алып салууну сунуштоодо

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Мамлекеттик ипотекалык насыялоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карашты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттар Аалы Карашев, Айнура Осмонова. Мыйзам долбоорунда алгачкы төлөө талабын алып салуу сунушталды.

Ошентип, алгачкы төлөмдү төлө албаган жарандар мамлекеттик турак-жай программасынын алкагында турак жай сатып ала алышат.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.