Парламент биринчи окууда “Министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоорун кабыл алды

Жогорку Кеңештин 29 -июлдагы жыйынында депутаттар, президент тарабынан демилгеленген “КРнын министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоорун карап, биринчи окууда кабыл алышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзам долбоору конституцияны ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Документ министрлер кабинетинин укуктук статусун, анын түзүмүн жана курамын, ыйгарым укуктарын, жоопкерчилигин, ишин уюштуруунун тартибин, ошондой эле кабинеттин Жогорку Кеңеш жана башка бийлик органдары менен өз ара аракеттенүү тартибин аныктайт.

Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда министрлер кабинетин дайындоонун жана түзүүнүн жаңы тартиби жазылган.

Талкуу учурунда депутаттар бул мыйзам долбоору депутаттык корпустун сунушу боюнча кайра иштеп чыгууга жөнөтүлгөнүн эске салышты.

Ошентип, депутаттар Сайдулла Нышанов, Айбек Осмонов, Бактыбек Райымкулов, Кожобек Рыспаев, Айнур Алтыбаева жана башкалар сунушталган долбоорду концептуалдык жактан колдоону сунушташты жана сунуш кылынган толуктоолордун көлөмүн эске алып, экинчи окуу режиминде мыйзам долбоорду иштеп чыгуу максатында биргелешкен жумушчу топ түзүүнү сунушташты.

Депутат Аалы Карашев жогоруда аталган мыйзам долбоору “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Мамлекеттик мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзам долбоорлору менен пакетте каралып жаткандыгын кошумчалады. Буга байланыштуу аларды жумушчу топ дагы биротоло иштеп чыгууну сунуштады.

Ошондой эле, биринчи окууда “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Мамлекеттик мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзам долбоорлору кабыл алынды. Мыйзам долбоорлорунун демилгечиси мамлекет башчысы.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.