Парламент 2019-жылга өкмөттүн бюджеттинин долбоорун жактырды

Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2019-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө сунуштаган мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Суроо-жооп форматында өткөн жыйынга Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Өкмөтүнүн мүчөлөрү, өлкөнүн административдик ведомстволорунун жетекчилери катышуусунда, өтүп 22:00 гө жакын аяктаган.

2019-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 151 млрд. 762,4 миллион сомду түздү.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн атынан эл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, Жогорку Кеңеш менен конструктивдүү иштөөгө ишеним көрсөттү.

Ал депутаттар тарабынан айтылган бардык сунуштар жана эскертүүлөр Өкмөттүн мындан аркы ишинде эске алынарын ырастады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген