Парижде кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү өтүп жатат

Франциянын Париж шаарындагы 55 Bellechasse арт галереясында Кыргызстандык  эки сүрөтчү Айып Алакунов (сүрөт) менен Кыял Аккүчүкованын (графика) жеке көргөзмөсү ачылды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, көргөзмө 18-декабрга чейин чейин уланат.

Көргөзмөгө живопись жана графика жанрындагы ар кыл жылдардагы 32 эмгек коюлган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.