Пархат Тулендыбаев: өткөн жылы 46 бала өз жанын кыйган

Өткөн жылы Кыргызстанда 46 бала өз жанын кыйды. Бул тууралуу Пархат Тулендыбаев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

“Өкмөт бул багытта жалпы коомчулук, атайын адистер менен бирге мамлекеттик деңгээлдеги комлекстүү чараларды көрүшү зарыл. Жаман адат жугуштуу дейт. Мындай жоболоңдуу жосундардан кутула албайбыз, абал мындан дагы оорлошуп кетиши ыктымал”, – деди Пархат Тулендыбаев.

Белгилей кетсек, өткөн жылы 46 бала, анын ичинде 26 кыз, 20 эркек бала өз жанын өздөрү кыйган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген