Пара алып кармалган УКМКнын кызматкери камакка алынды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери пара алуу беренеси менен 4-сентябрь күнү кармалган. Ал бүгүнкү кундө СИЗО-1ге киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан маалым болду.

Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан шектүү үй камагына чыгарылган. Бирок прокуратура райондук соттун чечимине каршы апелляция берген. Бишкек шаардык сотунда кылмыш иштери жана мыйзам бузуулар иштери боюнча коллегиясы бүгүн, 22-сентябрда райондук соттун өкүмүн жокко чыгарды. УКМКнын мурдагы кызматкери 4-ноябрына чейин Бишкектеги СИЗО-1ге киргизилди”, – деп билдирилди.

4-сентябрда 326-берене (“пара талап кылуу”) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында УКМКнын кызматкери 1000 доллар пара алып жаткан жеринен Финпол жана УКМКнын өздүк коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

11-сентябрда шектүү ээлеген кызматынан бошотулуп, сотко чейинки өндүрүштү Финполдун тергөө органдары жүргүзүп жатканы кабарланган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген